ESET NOD32

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

ESET NOD32 - словакиялык ESET фирмасы тарабынан чыгарылган антивирус куржуну. Биринчи версиясы 1987-жылдын аягында чыккан. Аталышы башында "Nemocnica na Okraji Disku" ("Дисктин четиндеги оорукана": ал учурда Чехословакияда популярдуу болгон "Шаар четиндеги оорукана" телесериалынын өзгөртүлүп айтылышы) деп чечмеленген.

ESET NOD32 - реалдуу убакыт ичинде коргоо боюнча ар тараптуу антивирустук чечим болуп саналат. ESET NOD32 вирустардан жана троян программалардан, курттардан, spyware, adware жана фишиң-чабуулдар сыяктуу коркунучтардан коргойт. ESET NOD32'де патенттелген ThreatSense технологиясы колдонулат. Бул технология аткарылган программаларда зыяндуу коддордун бардыгын анализдөө жолу менен реалдуу убакта пайда болуучу коркунучтарды аныктап чыгууга багытталган. Мунун жардамы менен зыяндуу программалардын авторлорунун иш-аракеттерин алдын алууга болот.

Жаңылоодо бир катар күзгү-серверлер колдонулат. Ошондой эле, жаңылоонун тармак ичиндеги күзгүсүн түзүү мүмкүн. Бул аракет интернет-каналга азыраак күч келтирүүгө өбөлгө түзөт. Расмий серверлерден жаңылануу алуу үчүн аймактык сайттын катталуу баракчасынан продуктунун өз номерин активдештиргенден кийин алынган колдонуучу аты жана сырсөз керек.

NOD32 вирустар базасы менен катар али белгисиз вирустарды жакшыраак таап чыгышы мүмкүн болгон эвристикалык усулдарды колдонот.

Антивирустун кодунун көпчүлүк бөлүгү ассемблер тилинде жазылган. Ошондуктан, ал системдик булактарды аз колдонот жана абалкы жөндөөлөрү менен тез текшерет.

ESET Smart Security 5 үчүн Puppetworks Animation Studio жана Mark BBDO Bratislava компаниялары тумар каарман даярдашкан.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]