Ebony and Ivory

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

"Ebony and Ivory" (кырг. Эбен дарагы менен пил сөөгү) - Пол Маккартни жана Стиви Уандер дуэти аткарган ыр. 1982-жылы март айында чыгып, АКШ, Улуу Британия жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн чарттарынын алдыңкы сабында болгон.

Баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

1982-жылы 29-мартта чыккан. Пол Маккартнинин Tug of War альбомуна кирген. Американын Billboard Hot 100 хит-парадынын 7 жума бою алдыңкысы болгон. Жыйынтыгында, бүтүндөй 1982-жылдын № 4 синглы болгон.

Маккартнинин пост-Битлз эмгектеринин ичинен чарттын чокусунда рекорддук апталар турган ыры болуп калган. Бүтүндөй карьерасында болсо, "Hey Jude"-ден кийинки экинчи ыры (The Beatles менен чогуу); Стиви Уандер үчүн ырдын хит-парадда биринчи орунда турган апталарынын саны - карьерасындагы рекорд болгон. Мындан тышкары, аталган ыр Beatles'дын кайсы мүчөсү үчүн болбосун Billboard чарттарындагы биринчи R&B хит болуп калган.

"Ebony and Ivory" 2008-жылы Billboard журналынын "Greatest Songs of all time" тизмесинде № 59 болгон.

Жазманын катышуучулары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Пол Маккартни: бас-гитара, гитара, синтезатор, фортепиано, вокодер, перкуссия, вокал.
  • Стиви Уандер: синтезаторлор, электр пианиносу, урма аспаптар, вокал.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]