Electric Light Orchestra
Electric Light Orchestra (кыскартылганы ELO) - Бирмингемден чыккан 1970-жылы Жефф Линн жана Рой Вуд түзгөн британ рок-тобу. Топ 1970инчи, 1980-жылдары абдан популярдуу болгон; 1971-жылдан 1986-жылга чейин (топтун жигердүү доору) 13 студиялык альбом чыгарган.
ELO (Рой Вуд менен Жефф Линндин биргелешкен долбоору) "классикалык" поп-музыка жазуу эңсөөсүн канааттандыруу үчүн түзүлгөн. Топ прогрессивдүү роктон поп-музыкага чейинки түрдүү музыкалык багыттарда өзүн сынап көргөн. Эң алгач иштей баштагандан тарта Жефф Линн топтун уюштуруу жагын тейлеген, бардык оригиналдуу композицияларын жазган жана ар бир альбомун сүрөгөн. 1970-жылдардын ортосунда ELO эң сатымдуу музыкалык топтордун бири болгон. 1972-жылдан 1986-жылга чейин ELO Улуу Британиядагы жана АКШдагы жумушун айкалыштырылган.
Топ 1986-жылы чейин өмүр сүргөн. Бул жылы Жефф Линн топту таркаткан. Бирок 2001-жылы азырынча акыркы студиялык альбомун жаздыруу үчүн жаңы курам менен кайра түзгөн. Топтун эң белгилүү композициялары деп «Ticket To The Moon», «Don’t Bring Me Down», «Calling America», «Hold On Tight», «Last Train To London» эсептелет.