Eurythmics
Eurythmics - Энни Леннокс (англ. Annie Lennox) жана Девид А. Стүарттан (англ. David A. Stewart) турган британиялык музыкалык дует топ. Стүарт жана Леннокс буга чейин The Tourists (The Catch деген ат менен таанымал) тобунун солисттери болушкан. Бирок бул топ 1980-жылы жоюлгандан кийин ошол эле жылы Лондон шаарында Eurythmics тобу түзүлгөн. Бул дует 1981-жылы алгачкы "Бакчада" (англ. In the Garden) аттуу албомун чыгарышкан. Ал эми дүйнөлүк атактуулукка 1983-жылы чыккан "Таттуу кыялдар ушундай болот" (англ. Sweet Dreams (Are Made of This)) аттуу албому менен жеткен. Албомдогу башкы ыр дүйнө жүзү боюнча жана анын ичинде АКШда эң алдыңкы хиттердин бири болгон. Андан соң топ 1990-жылы жоюлганга чейин бир нече хит ырларды жаратышкан. Топ жоюлгандан кийин Стүарт үн жаздыруучу продюсер кесибин аркаласа, Леннокс жеке ырчылык кесипти аркалап 1992-жылы дебюттук "Дива" (англ. Diva) албомун чыгарган. Он жылга жакын айрылуудан кийин 1999-жылы Eurythmics тобу тогузунчу "Тынчтык" (англ. Peace) албомун чыгарыш үчүн кайрадан биригишкен. Ошондой эле алар "Акыркы коллекция" (англ. Ultimate Collection) аттуу топтун жаңы албомундагы "Менин жашоом бар" (англ. I've Got a Life) ырын аткаруу үчүн 2005-жылы кайрадан биригишкен.
Топ 1984-жылы "MTV Video Music Award" сыйлыгынын "Эң мыкты артист", 1999-жылы "Грэмми" сыйлыгынын "Дует же топтун эң мыкты рок чыгарма аткаруусу" наамын, 1999-жылы "Брит" сыйлыгынын "Музыкага эң мыкты салым кошуу" наамын жана 2005-жылы "Улуу Британия музыка даңк залы" наамына ээ болушкан. Eurythmics дүйнө жүзү боюнча 75 миллиондон ашуун үн жаздырууларын саткан.