Fearless
"Fearless" - америкалык кантри-ырчы Тейлор Свифттин 2008-жылы 11-ноябрда Big Machine лейблы менен чыккан экинчи альбому. Алгачкы аптада 2008-жыл үчүн рекорд болгон 592 304 нускасы сатылып, Billboard 200 чартында дароо биринчи орунда старт алган. Жыл жыйынтыктарына ылайык, АКШдагы эң көп сатылган альбом болгон.