FictionBook

Википедия дан

FictionBook (ошондой эле FeedBook) - китепти XML-документ калыбында тартуулоочу формат. Мында китептин ар бир элементи өзүнчө тег менен сүрөттөлөт. Бул стандарт бардык түзмөктөргө жана форматтарга шайкештик кымсыз кылууга арналган. XML дароо колдонууга жана программада иштетүүгө (түрлөнтүүгө, сактоого, жөндөөгө) даяр документтерди бардык чөйрөдө оңой түзүүгө жол берет. Адатта .fb2 жайылуусу бар документтерде тексттин негизги элементтеринин структуралык белгиси, китеп тууралуу айрым маалыматтар, мукаба сындуу иллюстрациялар сакталышы мүмкүн болгон экилик файлдуу тиркемелер болушу мүмкүн.

Бул стандартты Дмитрий Грибов жана Михаил Мацневдер башында турган иштеп чыгуучулар тобу түзгөн.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Сыпаттама[түзөтүү | булагын түзөтүү]

FictionBook форматындагы ар бир электрондук китеп XML форматындагы файл түрүндө көрсөтүлгөн. Иллюстрациялар (PNG жана JPEG) Base64 кодировкасы менен түздөн-түз XML'ге кошулат. FictionBook'ту көбүнчө ZIP'те кысышат (.fb2.zip же .fbz файл пайда болот) көптөгөн окуу программалары кысылган FB2'ни колдошот.

FictionBook'тун идеологиясы HTML'дин биринчи версияларына окшош: бардык тегдер визуалдык эмес, логикалык форматтоого тийиштүү. Эч кайсы аппараттык камсыздоого, кагаздын форматына байлоо жок, FB2'нин эч жеринде пиксел, пункт же кегл болсун өлчөө бирдиги көрсөтүлгөн эмес. .fb2 форматынан алынган текст кандай болору бул форматтын көрүүчү программасынын тууралоолорунан же файлды башка форматка конверттөөдө белгиленген параметрлерден көз каранды. Мисалы, көрүүчү программада аталыштын тегин чоң шрифт менен же башка түстө чыгарса болот. HTML форматына конверттөөдө ар бир аталышка белгилүү бир HTML-тег салыштырылышы мүмкүн, мисалы, же Ошондуктан, FB2 автоматтык түрдө HTML, PDF жана башка форматтарга өткөрүүгө боло турган китеп сактоочу универсалдуу формат болууга талапкер.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]