Fifth Harmony
Fifth Harmony - Майамиде негизделген жана Элли Брук, Нормани Кордей, Дина Жейн жана Лорен Хурегиден турган америкалык кыздар тобу. Ал эми топтогу Камила Кабелло 2016-жылы 18-декабрда топтон кеткен. Топ Саймон Коувеллдин үн жаздыруучу Syco Records студиясы менен келишим түзгөн жана андан соң Л.А. Рейддин Epic Records үн жаздыруучу студиясы менен келишимин уланткан. Топ, Америкадагы телевизиондук Х Фактор жарышуусунда үчүнчү орунга ээ болуп, конкурс бүткөндөн кийин топ түзүшкөн. Социалдык медияда атактуулукка жеткен соң, алардын "Биргеликте жакшы" ыры жана "Чагылыш" жана "7/27" альбомдору АКШдагы Биллборд 200 тизмесинде эң алдыңкы он ырдын катарына кирген. Алардын топтун аты менен аталган үчүнчү альбому 2017-жылы, 25-августта чыгуусу пландалууда.
Х Фактор бүткөндөн кийин алар дебюттук "Алдыга умтулган Мисс" (англ. Miss Movin' On) ырын чыгарып, андан соң "Биргеликте жакшы" (англ. Better Together) ырын сунуштап АКШда алтын медалга ээ болгон. Алардын музыкалык видеосу "MTV Video Music Award" сыйлыгынын "Көрүлө турган артист" наамын жеңип алган. 2015-жылы алар дебюттук "Чагылыш" (англ. Reflection) аттуу альбомун чыгарышкан жана ошону менен катар өлкөдө алтын сертификатка ээ болушкан. Бул альбомдун ичинде "Босс" (англ. Boss), "Барскан" (англ. Sledgehammer) жана "Татыктуу" (англ.Worth It) ырлары бар. Кийинчерээк алар АКШда үч жолу платинум сертификатына ээ болуп, он үч өлкөдө эң алдынкы он ырдын катарына кирген. Кийинки жылы алардын 7/27 аттуу экинчи альбомундагы "Үйдөн иште" (англ. Work from Home) ыры Биллборд 100 тизмесинде эң алдыдагы он ырдын катарына кирип, бул чарттагы алгачкы бешилтикке кирген кыздар тобу болгон.
Алар төрт "iHeartRadio Music Awards", үч "MTV Europe Music Awards", үч " MTV Video Music Awards", "American Music Award", "Биллборд айым" музыка боюнча сыйлыкты жана алты "Өспүрүмдөрдүн тандоосу" сыйлыктарын жеңип алышкан. 2016-жылы, декабрь айында Fifth Harmony тобу АКШда 424,000 альбом жана жети миллион санариптик ыр сатып, Nielsen Soundscan билдирүүсү боюнча 1.6 милрд. суроо-талапка ээ болгон.