Ghost

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ghost – 2006-жылы Линчепингте (Швеция) түзүлгөн швед оор-метал тобу. 2010-жылы Ghost тобу үч тректен турган көрсөтмөлүү версиясын жаздырылып жети дюймдук "Elizabeth" ("Элизабет") винил пластинкасынын чыгуусу менен толукталат, кийинчерээк алгачкы толук форматтагы Opus Eponymous альбому чыгат. "Грэммис" сыйлыгына татыган альбом көпчүлүктүн көңүлүнө жагып топко популярдуулукту алып келген. Топтун Infestissumam аталышындагы экинчи альбому 2013-жылы жаздырылган, ал Швециянын чартында биринчи орунду ээлеп "Грэммис" сыйлыгынын "Эң мыкты хард-рок/метал альбом" номинациясын жеңген. Топтун үчүнчү Meliora аталышындагы студиялык альбому 2015-жылы жыздырылган, ал сынчылар тарабынан жылуу кабыл алынып Швециянын чартында биринчи орунда жайгашып АКШда сегизинчи орунду ээлеген. 2016-жылы "Cirice" сингли "Грэмми" сыйлыгынын "Эң мыкты метал жанрындагы аткаруу" номинациясынын жеңүүчүсү болгон.

Ghost тобу адаттагыдай эмес сахнадагы кылык-жоруктары менен таанымал. Топтун беш мүчөсү – "Аты жок кубулма кишилер", бири-бирине окшош, беттерин жашырган сырт кийимчен сахнага чыгат. Топтун айырмаланган мүчөсү – башкы вокалист "'Papa Emeritus", ал бетине баш сөөк сымал тартылган маскасы менен сахнага "demonic anti-Pope" (кырг. "шайтан антипоп") образы менен чыгат. Альбомдорунун цикли топтун тышкы көрүнүшүн өзгөрүүлөрүнө алып келет. Башкы вокалисттин образы баштапкы образынан өзгөрүлгөн жок бирок кандай болсо дагы мүнөзүндө, кылык-жоруктарында майда өзгөрүүлөр байкалган.

Топтун курамындагы мүчөлөрдүн ысымдары 2017-жылга чейин жашырын болгон, бирок кийин топтун мурунку беш мүчөсү өздөрүн танытып төртө топтун башкы вокалисти Тобиас Форгенин чынгы атын ырастап ага каршы доо жазган.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]