Google Play Games

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Google Play GamesGoogle тарабынан башкарылган Android операциондук системалары үчүн онлайн оюн кызматы жана программалык камсыздоо иштеп чыгаруу шайманы. Анда анык убакытта көп оюнчуга негизделген оюн мүмкүнчүлүктөрү, булутка сактоо, коомдук жана жалпы алдыңкылардын тизмеси, жетишкендиктер бар. Play оюндар кызматы иштеп чыгуучуларга жогорудагы өзгөчөлүктөрдү кайра башынан иштеп чыкпастан өздөрүнүн оюндарына бириктирүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Google Play Games кызматы 2013-жылдагы Google I/O иштеп чыгуучулар конференциясында тааныштырылып, өз алдынча Google Play Gamesдын мобилдик колдонмосу 2013-жылы 24-июлда Android үчүн пайдаланууга берилген.

The Verge басылмасынан Эндрү Вебстер Google Play Gamesды Apple компаниясынын iOS операциондук системасын пайдалангандар үчүн Game Center оюн тармагы менен салыштырган.

Google Play Games жарык көргөндөн бери бир нече жылдар бою жаңыртылып, экран жазуу өзгөчөлүгүн жана оюнчунун каалагандай өздүгү сыяктуу жаңылыктар кирген.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]