Green Day

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Green Day – 1986-жылы башкы вокалист жана гитарчы Билли Жо Армстронг менен бас-гитарчы Майк Дернт негиздеген америкалык панк-рок тобу. 1990-жылы Kerplunk (1991) студиялык альбомунун жаздыруусунан мурун белгилүү доолбасчы Жон Киффмейердин ордуна келген доолбасчы Тре Кул менен кошо Green Day трио-тобу болуп келген. 1999-жылдан бери топтун турагенти катары иштеп келген гитарчы Жейсон Уайт 2012-2016-жылдар арасы топтун толук кандуу мүчөсү катары иштеген.

Green Day оболтон Берклидеги (Калифорния) 924 Gilman Street панк-клубунда негизделген панк чөйрөгө тиешеси бар бир топ. Топтун алгачкы үн жазуулары көз карандысыз Lookout! Records фирма белгиси аркылуу чыккан. 1994-жылы Dookie (Reprise Records жаздырган) аталышындагы негизги альбому ийгиликке жетип акырында АКШга 10 миллиондон ашык альбому жиберилип Green Day тобу Sublime, Bad Religion, The Offspring жана Rancid калифорниялык панк-топтор сыяктуу панк-рок жанрынын кеңири жайылуусуна өбөлгө түзгөн.

Green Day дүйнө жүзү бою 85 милиондон ашык үн жазууларын саткан. Алар беш "Грэмми" сыйлыгына ээ болгон: Dookie - "Эң мыкты альтернативдүү альбому"; American Idiot (кырг. Америкалык аңкоо) - "Эң мыкты рок альбому"; "Boulevard of Broken Dreams" (кырг. "Талкаланган кыялдардын бульвары") - "Жылдын эң мыкты үн жазуусу"; экинчи "Эң мыкты рок альбому" - 21st Century Breakdown (кырг. 21-кылымдын кулоосу); "Эң мыкты музыкалык-шоу альбому" - American Idiot: The Original Broadway Cast Recording (кырг. Америкалык аңкоо: чыныгы Бродвей жазылышы). 2010-жылы American Idiot альбомунун сахналык адаптациясы Бродвейде көрсөтүлгөн. Бул мюзикл "Тони" сыйлыгынын "Эң мыкты мюзикл", "Эң мыкты сахналык кооздому" жана "Эң мыкты жарык кооздому" үч номинацияларына талапкерлиги коюлуп, биринчисинен тышкары калган эки номинациянын жеңүүчүсү болгон. Ошондой эле 2010-жылы Green Day тобу VH1 каналынын "100 эң мыкты артист" тизмесинде 91-орунда жайгашкан. 2015-жылдын 18-апрелинде Green Day 2015-жылдын добуш берүүсүндө ылайык табылып Рок-н-роллдун атак-даңк музейине кошулган.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]