Hardwell

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Роберт ван де Корпут (англ. Robbert van de Corput; 1988-жылы 7-январь) - Hardwell сахналык аты менен чыккан нидерланддык электр-хаус дижейи, музыкалык продюсер жана ремикс жасоочу. Ал DJ Mag журналы боюнча 2013-2014-жылдардын "Дүйнөдөгү эң мыкты дижей" болуп табылган. Учурда DJ Mag журналынын 2016-жылдын "Эң мыкты 100 дижейи" сурамжылоосу боюнча үчүнчү орунду ээлейт. Hardwell, Ultra Music Festival (кырг. Ультра музыкалык фестиваль), Sunburn (кырг. Тотугуу) жана Tomorrowland (кырг. Эртенки күн өлкөсү) сыяктуу негизги музыкалык фестивалдарда катышуусу менен белгилүү.

Ал 2009-жылы "Show Me Love vs. Be" (кырг. "Сүйүүнү түшүндүрбөй өзүң сүйүү бол") бутлеги менен өзүнө көңүл бурган. 2010-жылы Revealed Recordings үндү жазуучу фирма белгисин, радио-шоу жана 2011-жылы Hardwell On Air (кырг. Hardwell ачык эфирде) подкастын негиздеген. Ушундан соң Hardwell өзүнүн белгиси аркылуу жети альбом жыйнагын жана документалдык тасма чыгарган. 2015-жылдын 23-январда анын алгач "United We Are" (кырг. "Биз бириктик") студиялык альбому жарыкка чыккан.

Өмүр таржымалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]