III кылым
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| Хронологиялык жадыбал | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
III (үчүнчү) кылым — 201-жылдын 1-январынан 300-жылдын 31-декабрына чейин созулган I миң жылдыктын үчүнчү кылымы.
III кылымдын негизги окуяларынын бири — Рим империясындагы 235-284-жылдардагы кризис, ал «Аскердик анархия» деп да аталат. Северан династиясынын акыркы императору Александр Северус 235-жылы өлтүрүлгөндөн кийин, империя экономикалык кыйынчылыктарга, варварлардын басып киришине, жарандык согуштарга жана бөлүнүүгө дуушар болгон. Батышта Галлия империясы, чыгышта Пальмира империясы пайда болуп, Римдин алдында толугу менен жок болуп кетүү коркунучу турган. Император Аврелиан бул аймактарды кайра багындырып, Диоклетиандын реформалары менен империя чыгыш жана батыш бөлүктөргө бөлүнгөн[1][2].
Персияда 224-жылы Ардашир I Парфиянын акыркы падышасы Артабан Vди жеңип, Сасанийлер империясын негиздеген. Бул империя Римдин негизги атаандашы болуп, Кушан падышалыгынын батыш бөлүктөрүн багындырган[3].
Кытайда Хань династиясынын кулашынан кийинки саясий жана аскерий чыр-чатактар уланып, 208-жылы Кызыл аскалардагы салгылашууда Цао Цаонун жеңилиши менен Үч падышалыктын доору башталган. Цао Пи 220-жылы Вэй падышалыгын негиздеп, Кытай Шу, Ву жана Вэйге бөлүнгөн. 263-жылы Вэй Шуну, 266-жылы Сыма кланы Вэйди басып алып, Цзинь династиясын негиздеген, ал 280-жылы Вуну багындыр гон соң Кытайды бириктирген[4].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |