INOGATE

Википедия дан

INOGATE — энергетика чөйрөсүндө Европа Бирлиги, Кара деңиз жана Каспий мамлекеттеи, ошондой эле аларга коңшу өлкөлөр арасында эл аралык кызматташуу программасы. Программа ЕБ EuropeAid атынан, Киевде, Украинада жайгашкан катчылыктын жана Тбилисиде, Грузиядагы региондук офистин колдоосунда ишке ашырылат. Пргорамма 1996-жылы негизделген.

INOGATE — Европа Бирлиги (ЕБ) каржылаган эң созулган программа. INOGATE программасы 2006-жылдын аягына чейин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине ЕБ Техникалык Жардамынын (TACIS) чегинде каржыланып келди. 2007-жылдан тартып INOGATE Коңшу жана Өнөктөштүк Европалык Куралдары (ENPI) каржыланууда. EuropeAid программаны ENPI куралынын жана Кызматташуу жана Өнүктүрүү боюнча куралдардын жардамы менен колдойт.

Келип чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

INOGATE программасы (англ. INterstate Oil and GAs Transportation to Europe — Иногейт) Европада нефтти жана газды мамлекеттер арасында ташуу үчүн ЕБдин механизми катары 1995-жылы түзүлгөн (мындан англис тилиндеги акроними пайда болгон). Алгач бул ЕБде Чыгыш Европа менен Кавказга гана нефть жана газ өткөрүүгө гана тиешелүү болчу. 2001-жылы Киевде жыйырма бир мамлекет арасында өткөрүү түтүктөрүн өнүктүрүү жана модернизациялоо чөйрөсүндө кызматташуу максатында Алкактуу Макулдашууга кол коюлган. 2004-жылы Бакуда, Азербайжанда өткөн жана Казакстандын Астанасында, өткөн кийин конференциядан кийин бул программа энергетика чөйрөсүндө бир топ кеңири өнөктөштүккө өзгөртүлүп түзүлгөн жана төр негизги багыт боюнча иштейт:

  • Энергетикалык коопсуздукту күчөтүү
  • ЕБдин энергетикалык базарынын негизги принциптеринин негизинде энергетикалык базарлардын Конвергенциясы
  • Энергетиканын туруктуулугун өнүктүрүүнү колдоо
  • Жалпы жана региондук кызыкчылыктагы энергетикалык долбоорлорго инвестицияларды тартуу.

2007-жылдан тартып INOGATE программасы Европалык Коңшулук жана Өнөктөштүк Демилгеси (ENPI) тарабынан каржыланат.

INOGATE өнөктөш-өлкөлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Туркия INOGATE өнөктөш-өлкө болуп эсептелет, ошондуктан INOGATE отурумдарына катышууга дайыма чакырылат, бирок бенефициар-өлкө эмес. INOGATE программасы — бул Европалык Комиссиянын үч директоратынын атайын демилгеси: Транспорт жана энергетика боюнча башкы директораты, Сырткы байланыштар боюнча башкы директораты жана EuropeAid кызматташуу офиси.

«Баку демилгеси» жана Астанада кол коюлган декларация[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Баку демилгеси» — ЕБ жана INOGATE өнөктөш-өлкөлөрү арасында энергетикалык кызматташуу жөнүндө саясий диалогдун жыйынтыгы. Бул демилге 2004-жылы 13-ноябрда Бакудагы Министрдик Конференцияда кабыл алынган. Экинчи Министрдик Конференция 2006-жылы 30-ноябрда Астанада өттү, анда INOGATE программасынын өнөктөш өлкөлөрдө энергетикалык маселелердин кеңири спектрин жабуу ниетин жана ЕБ менен ушул маселелер боюнча алардын бирдиктүү иш-аракеттерин ырастады.
«Баку демилгесинин» максаттарынын бири инвестицияларды тартууга жөндөмдүү таза энергетикалык базарларды түзүү жана энергия алып жүрүүчүлөрдү жеткирүүнүн иненимдүүлүгү үчүн катышуучу өлкөлөрдүн энергетикалык базарлары менен ЕБдин интеграциясын күчөтүү. (Демилгенин башка аспектилери транспортировкага тийиштүү). Өнөктөш өлкөлөр интеграцияланган энергетикалык базардын эл аралык жана ЕБдин укуктук ченемдерине ылайык иштешине түрткү болгон мыйзам чыгаруу жана техникалык стандарттарды үндөштүрүүгө, жаңы инфраструктура түзүү жана чоңойтуу жолу менен энергия булактарын жеткирүүдө коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү жогорулатууга, энергия генерациялоочу инфраструктураны айлана чөйрөгө экологиялык жагымдуу болуп эсептелген жаңысына алмаштырууга, жаңы инфраструктураны өнүктүрүүгө жана заманбап мониторинг системасын киргизүүгө, энергия жеткирүүнү жана энергия натыйжалуу системаларды интеграциялоо аркылуу суроо-талапты башкарууну жакшыртууга; жалпы кызыкчылыктагы коммерциялык жана экологиялык энергетикалык долбоорлорду каржылоону көбөйтүү. Ушул максаттарга жетүү үчүн багытталган «Жол картасына» Астанада кол коюлган.

Түзүмү жана ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баку демилгесин аткарууда Киевде жайгашкан INOGATE Техникалык катчылыгы координатор болуп эсептелет. Баку Демилгеси төрт жумушчу тобунун жардамы менен аткарылат, анын катышуучулары бардык өнөктөш өлкөлөрдүн өкүлдөрү болуп эсептелген:

  • Базарды либералдаштыруу үчүн укуктук, жөнгө салуу жана институционалдык ченемдерди эриш-аркак келтирүү;
  • Транспорттук тармактарда энергетикалык коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү күчөтүү:
  • Туруктуу энергетикалык өнүгүү;
  • Инвестицияларды тартуу жана долбоорлорду колдоо.

INOGATE веб порталында ENPI каржылаган бир катар долбоорлор жана INOGATE тарабынан ишке ашырылган долбоорлор келтириген. 2009-жылдын февралында бул долбоорлор нефть жана газ транспорттук түзүмдүн ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жакшыртуу, Борбордук Азияда координацияланган энергетикалык саясатты өнүктүрүү жана өнөктөш өлкөлөрдүн туруктуу энергетикасынын демилгелерин жана базардын интеграциясын колдоо демилгелерин жабат. INOGATE программасы менен өнөктөш өлкөлөрдүн нефть жана газ өткөрүү жана алардын Батыш Европа менен байланыш карталары даярдалды.
INOGATE программасында конференциялардын жана публикациялардын дайыма жаңыланып туруучу тизмЕБи бар. Веб порталда дайыма жаңыланып туруучу маалымат, өнөктөш өлкөлөрдө энергетиканы өнүктүрүү чөйрөсүндөгү жаңылыктар, ЕБдин тиешелүү демилгелеи жана саясаы жайгаштырылган.

INOGATE долбоору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"INOGATE долбоору — бул INOGATE программасынын төрт багыттагы иши менен байланыштуу маселелер боюнча Өнөктөш-өлкөлөрдүн энергетикалык саясат жаатында кызматташууну колдоого багытталган ЕБ каржыланаган региондук энергетикалык долбоор. 1996-жылы ушул Программа башталгандан бери INOGATE 61 долбоору ишке ашырылды. Азыркы убакта INOGATE 3 долбоорду ишке ашыруу уланууда:

  • INOGATE программасынын Техникалык катчылыгы жана Баку демилгесин жана Чыгыш өнөктөштүктүн энергетикалык максаттарын колдоо боюнча комплекстүү программа, долбоорду аткаруу мөөнөтү: 02/2012 — 01/2015, жалпы бюджет: 16,6 млн евро;
  • Чыгыш Европа жана Борбордук Азиянын курулуш секторунда энергия үнөмдөө демилгеси, долбоорду аткаруу мөөнөтү: 01/2010 — 12/2013, жалпы бюджет: 4,5 млн евро;
  • Борбордук Азия үчүн Туруктуу энергетика боюнча программа: энергиянын кайра калыбына келүүчү булактары жана энергия натыйжалуулук, долбоорду аткаруу мөөнөтү: 01/2013 — 12/2015, жалпы бюджет: 4 млн евро.

Ушул долбоорлордон сырткары, INOGATE программасы менен байланыштуу дагы бир долбоор бар (INOGATE долбоору болбой туруп, INOGATE алкагында каржыланат жана ошол максаттарга жетүүгө түрткү берет), аны Программа көңүлгө алууну пландоодо:

  • Чыгыш Европа жана Борбордук Азия шаарларынын «Мэрлердин макулдашуусуна» катышуусун колдоо (INOGATE менен байланыштуу долбоор); долбоорду аткаруу мөөнөтү: 09/2011 — 09/2013, жалпы бюджет: 2,15 млн евро. Ушул долбоорлордун ар бири өз ишин визуалдык көрсөтүүнү камсыз кылууга жооп берет.

Бирок, INOGATE программасынын Техникалык катчылыгы (ITS) долбоорлордун ишинин жыйынтыктарын INOGATE программасынын бир топ кенен контекстинде жайылтууга көмөк көрсөтөт.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Энергетикалык Коомчулук
  • Европа Бирлигинин Энергетикалык саясаты
  • Энергетикалык хартия

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]