INXS
INXS (англис тилинде айтылышы: /ˌɪnɛksˈɛs/ IN-eks-ESS, алгачкы аталышы: The Farriss Brothers) - 1977-жылы Сиднейде (Жаңы Түштүк Уэльс) түзүлгөн австралиялык рок-тобу. Алар батыш Австралиянын паб жана клубтарында ырлардын кавер версияларын, кээде өздөрүнүн чыгармаларын аткарган. Топтун негизги курамы: Эндрү Фаррисс (башкы композитор, клавишник), Жон Фаррисс (доолбасчы), Тим Фаррисс менен Кирк Пенгилли (гитарчылар), Гарри Гэри Бирс (бас-гитарчы) жана Майкл Хатченс (ырларынын автору, вокалист). Жыйырма жыл бою INXS Хатченстин "кумарлуу" жана өзүнө тартуучу келбети менен топтун негизги мүчөсү болгон. Чыгармачылыгынын башында алар нү-вейв/поп-музыка стили менен белгилүү болуп кийинчирээк фанк жана бий элементтерди камтыган оор-паб-рок стилин иштеп чыгарышкан.
2010-жылдын агында Кавайен Темперли (же Eskimo Joe) жана Бен Харпер аттуу ырчылар катышкан Original Sin (кырг. Тун күнөө) трибүт-альбомун жаздырган. 2011-жылдын сентябрында, Түштүк Америка, Австралия жана Европа боюнча турларынын астында башкы вокалист Форчундун ордуна ирландиялык ырчы жана ыр жасуучу Сиарран Гриббин келээрин билдиришкен. 2012-жылдын 11-ноябрында Австралиядагы Perth Arena концерт жана спорттук комплексинде Matchbox Twenty тобунун колдоо концертинде INXS сахнага чыгуусу акыркы болоорун жарыялаган, бирок расмий түрүндө узак мөөнөттүү тыныгуусу жөнүндө эч нерсе айкан жок.
INXS Австралия үн жаздыруу компаниялардын ассоциациясынын сыйлыгына ээ болгон, анын ичинде үч "Эң мыкты топ" номинациясы (1987, 1989 жана 1992). 2001-жылы алар ARIA атак-даңк музейине кошулган. 2015-жылы боюнча INXS дүйнө жүзү боюнча 50 миллиондон ашык үн жаздырууларын саткан.