IPhone (Айфон)

Википедия дан
IPhone‎»‎ барагынан багытталды)
IPhone 6S (Айфон)

iPhone (Айфон) — Apple Inc. тарабынан жасалган жана сатыкка чыгарылган смартфондор сериясы. Алар Apple компаниясынын iOS мобилдик операциондук системасында иштейт. iPhone'дун биринчи мууну 2007-жылдын 29-июнунда жарык көрүп, ошондон бери көптөгөн жаңы жабдык версиялары чыккан[1].

Колдонуучу интерфейси, анын ичинде виртуалдык тергичи мултисенсордук экрандын айланасында курулган. iPhone'до Wi-Fi бар жана ал уюк тармакка туташа алат. iPhone видео (iPhone 3GS'ке чейин бул стандарттык өзгөчөлүк болгон эмес), сүрөт тарта алат, музыка ойнотот, эмейл жөнөтүп, кабыл ала алат, дүйнөлүк желеге чыгат, текст билдирүүлөрдү жөнөтүп, кабыл ала алат, GPS багытты көзөмөлдөп, маалыматты жазып калат, математикалык эсептерди чыгарып, визуалдык үн билдирмелерин кабыл ала алат. Видео оюндар, китептер жана коомдук желелер сыяктуу башка функцияларды мобилдик колдонмону түшүрүп алуу менен кошууга болот. 2017-жылдын январына карата Apple'дын App Store'у iPhone түзмөгүнө жеткиликтүү болгон 2.2 млн колдонмону камтыган.

Apple iPhone моделдеринин он муунун чыгарган, алардын ар бири негизги он iOS операциондук системасы менен коштолгон. iPhone'дун баштапкы 1-мууну GSM телефону болгон. Ал бардык жаңы чыккан телефондордо орнотулган баскыч сыяктуу дизайн үлгүлөрүн түптөп, кийинки төрт муунга чейин экран көлөмү сакталган. iPhone 3G "3G" тармакты колдогон байланышты киргизген. Анын артынан жабдыгы жакшыртылып 3GS чыккан. Ал эми 4 болсо темир кабык менен жасалып, жогорку дисплей чечилишине жана алдыңкы камерага ээ болгон. 4S болсо жакшыртылган жабдык жана Сири (Siri) үн жардамчысы менен жарык көргөн. iPhone 5 узунураак өлчөмдө, 10 см (4 дюйм) экраны жана Apple жаңы киргизген Lightning туташтыргычы менен сунушталган. 2013-жылы Apple жабдыгы жакшыртылган жана манжа изин окуй ала турган 5S'ти иштеп чыккан. Ошондой эле арзаныраак баадагы 5тин металл эмес, түстүү пластик кабыктагы 5C модели дагы жарык көргөн. Алардын артынан чоңураак iPhone 6 чыккан. Анын эки модели 12 см (4.7 дюйм) жана 14 см (5.5 дюйм) экраны менен чыккан. iPhone 6S кийинки жылы жарык көргөн. Анда жабдыгы жакшыртылып, басымды сезгич экран (Force Touch) коюлган. Ошондой эле, 6S'тин тетигин камтыган, бирок 5S сыяктуу кичинекей көлөмдөгү SE дагы сунушталган. 2016-жылы Apple iPhone 7 жана 7 Plus'ту ачыкка чыгарган. Анда суу өткөрбөгөн, жакшыртылган системага ээ, графикалык иштөөсү мыкты, Plus моделдеринин артында кош камера орнотулган, жаңы түстөр кошулган түзмөк жарыкка чыккан. Ал эми мурдагы моделдерде боло келген 3.5 мм кулакчын уячасы алып салынган.[2]

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Мулк кызмат өмүрүн узартуу үчүн кандай. Текшерилген күнү 6 -июнь (кулжа) 2021. Түп булактан архивделген күнү 6 -июнь (кулжа) 2021.
  2. Кубатталып мулк аткарбоо себептери? Archived 2020-11-28 at the Wayback Machine