IV кылым
Көрүнүш
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| Хронологиялык жадыбал | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
IV (төртүнчү) кылым — 301-жылдын 1-январынан 400-жылдын 31-декабрына чейин созулган I миң жылдыктын төртүнчү кылымы.
Байыркы дүйнөнүн акыркы доору менен орто кылымдардын башталышынын ортосундагы өткөөл мезгил. Бул кылым Рим империясынын бөлүнүшү, христианчылыктын расмий дин катары кабыл алынышы, варварлардын басып кириши жана Чыгыштагы маанилүү өзгөрүүлөр менен белгиленген. Кытайда Цзинь династиясынын алсырашы жана он алты падышалыктын доору[1], Индияда Гупта империясынын гүлдөп-өнүгүшү[2], Персияда Сасанийлердин күчтөнүшү бул мезгилдин негизги окуялары болгон[3].
Белгилүү инсандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Рим империясы: Улуу Константин I (империяны бириктирип, христианчылыкты расмий динге айландырган), Феодосий I (империяны акыркы жолу бириктирген), Юлиан Флавий Клавдий (бутпарастыкты кайра жандандырууга аракет кылган).
- Персия: Шапур II (Сасанийлер падышасы).
- Индия: Чандрагупта II (Гупта империясынын гүлдөп-өнүгүшүнө ири салым кошкон).
- Кытай: Лю Юань (он алты падышалыктын доорунда Чжао падышалыгын негиздеген)[4].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |