Мазмунга өтүү

I кылым

Википедия — ачык энциклопедия
1- миң жылдык
II кылым б. з.ч.I кылым б. з.ч.I кылымII кылымIII кылым
0-чу б. з. ч. 9 8 7 6 5 4 3 2 1
0-чу 1 2 3 4 5 6 7 8 9
10-чу 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20-чу 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30-чу 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39
40-чу 40 41 42 43 44 45 46 47 48 49
50-чу 50 51 52 53 54 55 56 57 58 59
60-чу 60 61 62 63 64 65 66 67 68 69
70-чу 70 71 72 73 74 75 76 77 78 79
80-чу 80 81 82 83 84 85 86 87 88 89
90-чу 90 91 92 93 94 95 96 97 98 99
100-чу 100 101 102 103 104 105 106 107 108 109
Хронологиялык жадыбал

I (биринчи) кылым1-жылдын 1-январынан 100-жылдын 31-декабрына чейин созулган I миң жылдыктын биринчи кылымы.

Бул мезгилде Европада, Түндүк Африкада жана Жакынкы Чыгышта Рим империясы үстөмдүк кылган. Рим императору Клавдий 43-жылы Британияны багындыргандан кийинал Рим империясы аймагын өзгөчө кеңейтүүнү уланткан[1].

Өткөн кылымдагы жарандык согуштардын кесепетинен жабыркаган Рим империясында абал Августтун реформаларынан кийин турукташкан. Август тарабынан негизделген Юлий-Клавдий династиясы 68-жылы Нерондун өлүмү менен аяктаган[2].

Юлий-Клавдий династиясы аяктагандан кийин кыска мөөнөттүү жарандык согуш жана туруксуздук мезгили болгон, бирок бул туруксуздук мезгил Флавийлер династиясынын негиздөөчүсү Римдин 9-императору Веспасиан бийликке келгенден кийин аяктаган.

Жакынкы Чыгыш

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Иса пайгамбардын төрөлүшү — христиан дининин башталышы. Иса пайгамбардын жана анын он эки апостолдун жашоосу жана ишмердүүлүгү.
  • I кылымдын экинчи жарымы — химьяриттердин менен сабейлердин падышасы болуп Харибавел дайындалышы.
  • Түштүк Индиядагы Чола падышалыгынын пайда болушу.
  • Андхра падышасы Сатакарни I түндүк-батыш Деканды багындырып жана борбор шаарын Пейтанда жайгаштырышы.
  • I кылымдын башы — Хундар Кытайга каршы көтөрүлүш чыгрышы жана жеңишке жетиши.
  • 48-жыл — Хундардын 8 уруусу Кытай империясынын саясий таасири астында калышы. Хундардын Түштүк жана Түндүк болуп бөлүнүүшү.
  • Фуюй мамлекети Чыгыш Манжуриянын дээрлик бардык бөлүгүнө ээлик кылышы.
  • 87-93-жж. — кытайлардын, сяньбийлердинжана динлиндер коалициясы Түндүк Хуннуларды Волга тарапка көчүүгө мажбур кылышы.
  • Фунань мамлекетинин (Камбожа) пайда болушу. Негиздөөчүсү — жергиликтүү башкаруучу айымга үйлөнгөн индиялык князь Каундинья деп эсептелет.
  • Түштүк Вьетнамда Тьямпа (Чампа) мамлекетинин пайда болушу.
  • Бирмада Шрикшетра, Аракан, мондор мамлекеттеринин пайда болушу.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • The Mammoth Book of Roman Whodunnits. Edited and had non-fictional passages written by Michael Ashley, Introduction by Steven Saylor. New York: Carroll & Graf Publishers. 2003. p. 198. ISBN 0-7867-1241-4. OCLC 53474742.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]