I Wanna Dance with Somebody
"I Wanna Dance with Somebody (Who Loves Me)" (кырг. Мен (мени сүйгөн) бирөө менен бийлегим келет") - америкалык ырчы Уитни Хүстон ырдаган популярдуу ыр, Whitney'дин экинчи альбомундагы 1-сингл. Композицияны Нарада Майкл Уолден продүсерлеген, авторлору - Boy Meets Girl тобундагы Жорж Мерилл жана Уитнинин ага чейинки № 1 хитин ("How Will I Know") жазган Шеннон Рубикемдер болушкан. 1988-жылдын март айында "Грэмми"-нин 30-сыйлык тапшыруу аземинде аталган ыр "Мыкты аял поп вокал аткаруусу" категориясында сыйлык алган.