I Will Always Love You

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

"I Will Always Love You" (кырг. "Мен сени дайыма сүйүп жүрөм") - америкалык кантри-ырчы Долли Партондун 1974-жылы RCA Records лейблында чыккан синглы. Бул синглды америкалык ырчы Уитни Хүстон дагы өзүнүн версиясына салып аткарган.

Ыр жөнүндө[оңдоо | булагын оңдоо]

Долли Партон ырын 1973-жылы жазган. Ырда сүйгөнү менен мамилесин үзүүгө мажбур болгон, бирок ал кишини дале болсо сүйгөн аялдын абалы сүрөттөлөт. Партондун айтымында, ырдын негизин ырчы Портер Вагонер менен болгон мамилеси түзөт. "I Will Always Love You" кийинки жылы чыккан Jolene альбомуна кирген. Hot Country Songs чартынын сап башына чыккан.

Партон бул ырды бир нече жолу жаздырган. 1982-жылы "Техастагы мыкты бордел" (англ. Best Little Whorehouse in Texas) тасмасына саундтрек иретинде жаздырып, ошол эле чартта жеңишке жеткен. 1995-жылы Партон чыгармасын Винсент Гилл менен дуэт болуп, кайра ырдаган. Акыр-аягы, ыр бонус-трек катары 2009-жылкы альбомуна киргизилген.

Уитни Хүстон версиясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ошентсе да, бул хитти Уитни Хүстон ийгиликтүүрөөк аткарган. Анын 1992-жылкы "Жансакчы" (англ. The Bodyguard) тасмасынын саундтрегине кошулган соул-версиясы жылдын мыкты үн жазмасы жана мыкты аял поп вокал үчүн "Грэмми" сыйлыгын кошкондо, көптөгөн сыйлыктарга татыган. Сынчылар муңдуу сүйүү ырынын күчтүү вокалдын жана госпелдин аркасы менен ташталган аялдын жаалдуу драмасына айланганына таң беришкен.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]