Jagged Little Pill

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Jagged Little Pill - канадалык ырчы Аланис Мориссеттин үчүнчү студиялык, биринчи эл аралык альбому. Мориссеттин бул альбому буга чейин Канадада чыккан Alanis жана Now Is the Time деп аталган эки альбомунан кескин айырмаланат. Дисктин аты - "You Learn" деп аталган ырдын бир сабы. Морриссеттин чыгармачылыгындагы бурулуш болуп эсептелген бул альбом 1996-жылы эң көп сатылган диск, музыка тарыхындагы эң сатымдуу дисктердин бири болгон. Дисктеги "You Oughta Know", "Ironic", "You Learn", "Hand in My Pocket", "Head over Feet" жана "All I Really Want" сыяктуу бир нече сингл иштелип чыккан.

Альбом чоң ийгилик жаратып, Billboard 200 чартынын башында 12 апта турган. 2009-жылдын акырындагы маалыматка ылайык, дүйнө боюнча 33 миллион нуска сатылган. Анын ичинен 14.668.000 нуска АКШда сатылган. Rolling Stone журналы 2003-жылы аталган альбомду "Бардык мезгилдердин мыкты 500 альбому" тизмесине кошкон. Billboard журналы Jagged Little Pill'ди "Он жылдыктын альбому" (1990-жылдардын) деп атаган. Entertainment Weekly журналы Jagged Little Pill'ди акыркы 25 жылдагы 100 мыкты альбомдун бири деп атаган. Альбомго ырчылардын ичинен АКШнын Billboard 200 чартынын топ-10унда турган апталар боюнча рекорд таандык (72).

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]