Jah Khalib

Википедия дан
Жа Халиб
Jah Khalib
JahKhalibOrenburg.jpg
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Толук ысымы

Бахтияр Гусейнович Мамедов

Туулган датасы

29 -сентябрь 1993(1993-09-29) (29 жаш)

Туулган жери

Алма-Ата, Казакстан

Өлкө

Казакстан желеги Казакстан Республикасы

Кесиптери

музыкант, рэп-аткаруучу

Жанрлары

хип-хоп, рэп

Jah Khalib (Жа Ха́либ, нукура ысымы Бахтияр Мамедов; 29-сентябрь 1993-жыл, Алма-Ата, Казакстан) — казакстандык орус тилдүү рэпер, ырчы, битмейкер жана продюсер.

Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Бахтияр Мамедов 1993-жылы 29-сентябрда Алма-Ата шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы — азербайжан, энеси — казак. Бала кезинен рэп-музыка менен кызыккан. Окуган музыка мектебинде саксафон классында окуган. Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясында музыкатаануу жана менеджмент факультетин аяктаган. 2009-жылы «Сатана печет блины» тобунун катышуучусу болгон.

Битмейкер жана саунд-продюсер катары көптөгөн казакстандык рэперлер менен, алардын арасында PR’OXY, Santos, Antrax, Hiroshima жана башкалар менен иштешкен. Өзүнүн сахналык лакап аты — Jah Khalib соло карьерасын баштаган соң тандаган. Анын айтымында Khalib — бул ойдон чыгарылган ат, Jah (Жа) —  растафариандык Кудайдын аты. Кеңири таанымалдуулугуна анын ырлары тараган социалдык тармактар аркылуу жетти. Анын алгачкы чыгармаларынын арасынан эң белгилүү "Твои сонные глаза", "SnD", "Сжигая драма театры" жана «Ты для меня» аттуу ырлары. Jah Khalib көп узабай бир гана Казакстанда эмес, башка да посткеңештик өлкөлөрдө белгилүү болду

2016-жылы "Если че, я Баха" аттуу толук түрдүү соло альбомун чыгарган. 2017-жылдын жазында "Лейла" аттуу чыгармасына видеоклип тарттырган.

2015 жана 2016-жылдары шоу-бизнес жана спорт жылдыздырынын "Forbes Kazakhstan" журналынын тизмесине кирген. 2017-жылдын июнь айында Муз-ТВ сыйлыгы 2017-де "Жылдын жарып кирүүчүсү" номинациясынын лауреты болгон.

Дискографиясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Альбомдору[оңдоо | булагын оңдоо]

Альбом Чыккан жылы
Всё что мы любим 2014
Джазовый Грув 2015
KHALIBanija Dushi- EP 2015
Если че, я Баха 2016
E.G.O 2018

Синглдары[оңдоо | булагын оңдоо]

«Сегодня я нашёл тебя» 2017

«Мамасита» 2017

«Медина» 2018

«Воу-воу палехчэ» 2018

«А я её» 2018

Созвездие Ангела 2018

Видеоклиптери[оңдоо | булагын оңдоо]

Клип Чыккан жылы
ZNNKN 2015
Sunshine Lady 2015
Созвездие ангела 2016
Мелодия 2017
Лейла 2017
Медина 2018