Job.kg

Википедия дан
Job.kg
URL: www.job.kg
Коммерциялыкпы? Ооба
Сайттын түрү веб-портал, онлайн-рекрутмент
Жеткиликтүү тилдер  Кыргызстан,  Орусия
Ээси Larixon Limited
Ачылган күнү 2-апрель 2004-жыл (11 жыл)
Сервердин жайгашкан жери  Кыргызстан
Азыркы абалы Иштеп жатат

Job.kg — Кыргызстанда иштеген интернет-рекрутмент чөйрөсүндөгү Интернеттин ири коммуникациялык порталы. 2015-жылдын ноябрь айындагы маалыматтар боюнча, Job.kg порталынын ар айлык аудиториясы айына 300 000 уникалдуу кирүүчүлөргө жетет[1]. 2004-жылы Бишкекте негизделген, негиздөөчүсү Муратбек Рахимов. 2015-жылдан тартып КМШ жана мурдагы СССР өлкөлөрүндө өзүнүн ишмердигин жүргүзүүчү Larixon Limited job-порталдарынын эл аралык тармагына кирген.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Job.kg домени 2004-жылдын 2-апрелинде катталган, сайттын биринчи версиясы кийинчерээк, 2004-жылдын жаз айында пайда болгон. Алгачкы жылдары долбоор акысыз режимде иштеген. Узак убакыт ичинде болгону эки акы төлөнүүчү кызмат болгон: баннерлерди жайгаштыруу жана башкы бетте бош иш орундарды бекемдөө. 2014-жылы Rabota66.ru порталынын негиздөөчүлөрү Азербайджанда[2] Rabota.az жана Кыргызстанда[3] Job.kg ишке орноштуруу боюнча сайттардын ушундай эле долбоорлору менен эл аралык рынокко чыккан[4]. 2014-жылдын ноябрында Job.kg порталы Larixon Limited холдингине кирген job-порталдардын бирдиктүү форматтагы платформасына которулган. 2015-жылдын 1-июлунан тартып бош иш орундарды жарыялоо үчүн акы төлөө киргизилген, мында айына жумуш берүүчү компаниянын 4 бош иш орундарын жайгаштыруу акысыз болот. 2015-жылы Job.kg порталынын ээлери ишке орноштуруу боюнча сайттарды камтыган Larixon Limited[5] холдингин уюштурушкан. Job.kg менен катар холдингге Rabota66.ru жана Rabota.az сыяктуу порталдар кирген. Ошол эле жылдын жай айында Өзбекстанда Rabota.uz[6] долбоору иштей баштаган.

Ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Job.kg компаниясынын ишмердиги Кыргызстандын компанияларына иш издөөгө кызыкдар изденүүчүлөр өз алдынча жайгаштырган резюме базасынын маалыматтарын сатуу болуп саналат. Ошентип, резюме базасына кирүүгө мүмкүндүк жана бош иш орундарды жайгаштыруу компания-кардар тарабынан төлөнөт. Изденүүчүлөр үчүн бош иш орундарды издөө акысыз. Ошондой эле компаниянын бизнес-модели өзүнө персоналды издөө жана тандоо процессинин натыйжалуулугун тездетүү жана жогорулатуу, ошондой эле изденүүчүлөрдүн резюмелерин жайылтуу үчүн куралдар топтомун сатууну камтыйт. Компаниянын сайтындагы бардык резюмелер жана бош иш орундар милдеттүү модерациядан өтөт.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Monthly Traffic of job.kg by www.similarweb.com. www.similarweb.com.
  2. Анатолий Ефремов. «Работа66» купила вход в Азербайджан за $5,5 тыс., Деловой Квартал (21.07.2014).
  3. Rabota66.ru вышла на рынок Киргизии, купив Job.kg, Venture Business News (28.08.2014).
  4. Работа66.ру вышла на рынок Киргизии, Коммерсантъ (26.08.2014).
  5. Владельцы проекта Rabota66.ru открыли представительство в Лондоне, РБК (13.07.2015).
  6. Александра Чигвинцева. Евгений Островский вышел на рынок Узбекистана с job-проектом, Деловой Квартал (05.08.2015).