LMFAO

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

LMFAO (айтылышы: Эл-Эм-Эф-Эй-Оу) Рэдфу жээни Скай Блу менен түзгөн америкалык электрондук бий музыкалык дуэти. Motown Records үн жаздыруучу компаниянын негиздөөчүсү Берри Горди Рэдфу менен Скай Блунун бирөөсүнө атасы, бирөөсүнө болсо чоң атасы болот. Редфу менен Скай Блу Пасифик Палисейдсте (Лос-Анджелес) чоңоюп өсүп ошол жерде 2006-жылы LMFAO тобун түзүп, кийин электр-хаус музыкалык жанрынын аткаруучулары болушат. LMFAO өздөрүнүн шоу жана радио алпаруулары аркылуу жердик адамдар арасында таанымал болгон. 2010-жылы алар Дэвид Геттанын "Gettin' Over You" ырынын жаздыруусунда катышышат, бул ыр бүткүл Европа жана АКШнын чарттарында орун алып Улуу Британиянын синглдери чартында биринчи орунду алган.

LMFAO топтун эң таанымал ыры "Party Rock Anthem" (кырг. "Рок зоок кеченин гимни") хити Улуу Британиянын, Австралиянын, Бельгиянын, Бразилиянын, Канаданын, Даниянын, Франциянын, Германиянын, Ирландиянын, Жаңы Зеландиянын, Швейцариянын жана АКШнын чарттарында биринчи орунду алган. "Party Rock Anthem" ошондой эле Италия жана Норвегия чарттарынын эң жогорку беш орундун бирөөсүндө жайгашып 2011-жылы бүткүл дүйнө жүзү боюнча үчүнчү орунду ээлеген эң көп сатылган (9,7 миллион) сингли болуп табылган. "Party Rock Anthem" LMFAO тобунун эң ийгиликтүү эмгеги болуп эсептелет. Бул ыры жарыкка чыккандан соң LMFAO расмий түрдө топтун ажыроосун жарыялаган.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]