Lenovo

Lenovo Group Ltd. же Lenovo PC International же болбосо Lenovo деп кыскартылат (Леново) -- Кытайдын Бээжининде жана Түндүк Каролинанын Морисвиллинде башкы штабдары жайгашкан кытай-америка эл аралык технологиялык компаниясы. Ал жеке компүтерлерди, планшеттерди, смартфондорду, иш станцияларын, серверлерди, электроникалык сактагыч түзмөктөрүн, IT башкаруу программасын жана смарт сыналгыларды жасап, иштеп чыгып, өндүрөт жана сатат. 2013-жылдан бери Lenovo дүйнөдөгү эң ири жеке компүтер сатуучу болуп келет. Ал ноутбук компүтерлердин ThinkPad сабын, лэптоптордун IdeaPad жана Yoga саптарын, ошондой эле иш такта компүтерлердин IdeaCentre жана ThinkCentre саптарын сатат.
Lenovo 60тан ашуун өлкөдө иш алып барат жана 160тай өлкөдө өз продукцияларын сатат. Lenovo'нун негизги имараттары Бээжин жана Моррисвиллде. Ал эми Кытайдын Бээжин, Шанхай, Шенжен, Шиамен, Чеңду, Нанжиң жана Вухан жергелеринде, Жапониянын Яматосунда жана АКШнын Моррисвиллинде изилдөө борборлору бар. Ал EMC менен биргеликте LenovoEMC аттуу ишкананы иштетет. Ал тармакка тиркелген сактагыч чечимдерин сатат. Ошондой эле анын NEC менен биргеликте иштеткен Lenovo NEC Holdings ишканасы бар. Ал жапон базары үчүн жеке компүтерлерди өндүрөт.
Lenovo 1984-жылы ноябрда Бээжинде Legend катары негизделип, 1988-жылы Гонконгдо компания болуп катталган. Lenovo 2005-жылы IBM'дин жеке компүтер бизнесин алып, 2014-жылы өзүнүн Intel'ге негизделген сервер бизнесин сатып алууга макул болгон. Lenovo 2012-жылы смартфон базарына кирип, 2014-жылга карата, Кытайдын негизги бөлүгүндө эң ири смартфон сатуучу болуп калган. 2014-жылы январда Lenovo Google компаниясынан Motorola Mobility смартфон чыгаруучу бөлүгүн сатып алууга макул болуп, 2014-жылы октябрда келишим соңуна чыккан.
Lenovo Гонконг биржасынын тизмесинен орун алган жана көбүнесе "Кызыл чип" индексинин туруктуу бөлүгү болуп эсептелет.
Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
...