Файл:LinkedIn Logo.svg и LinkedIn 2021.svg | |
Файл:Linkedin screenshot.png и LinkedIn 2021.svg | |
URL | |
---|---|
Жеткиликтүү тилдер |
орус тили, англис тили, Араб тили, Кытай тили, француз тили, Италян тили, Португал тили, Испан тили, Нидерланд тили, швед тили, Дания тили, Румын тили, Түрк тили, Жапон тили, Чех тили, Поляк тили, Корей тили, Indonesian, Malay и Тагал тили |
Ээси | |
Автору |
Reid Hoffman |
Ачылган күнү |
Маалыматтардын маңызы белгисиз. |
LinkedIn (Линктин) - вебсайт, мобилдик колдонмолор аркылуу иштеген бизнес жана иш менен камсыз кылууга багытталган коомдук тармакташуу кызматы.
Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
2002-жылы 28-декабрда негизделип, 2003-жылы 5-майда колдонууга берилген LinkedIn профессионалдык тармакташуу, анын ичинде жумуш берүүчүлөр иштерди жарыялап, ал эми жумуш издегендер резюмелерин чыгарыш үчүн пайдаланылат. 2015-жылга карата компаниянын кирешесинин көпчүлүк бөлүгү өз мүчөлөрүнүн маалыматтарын кадр кызматтары менен соода адистерине сатуу аркылуу келип түшкөн. 2016-жылдын сентябрына карата, LinkedIn 467 миллиондон ашуун аккаунтка ээ болсо, анын 106 миллиондон ашууну активдүү колдонуучулар болгон. 2017-жылдын апрелине карата, LinkedIn 200 өлкөдө 500 миллион мүчөгө ээ болгон. LinkedIn мүчөлөргө (кызматкерлерге дагы жана жумуш берүүчүлөргө дагы) профил түзүү жана бири-бири менен онлайн коомдук тармакта "байланыш" куруу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул реалдуу дүйнөгү кесиптик мамилелерди чагылдырышы мүмкүн. Колдонуучулар каалаган адамын (учурдагы мүчө болобу же жокпу) байланыш куруу үчүн чакыра алат. "Дарбазага негизделген мамиле" (кайсы бир адис менен байланыш куруу учурдагы мамилени же аларга таандык болгон байланыш аркылуу таанышууну талап кылат) кызмат мүчөлөрүнүн ортосундагы ишенимди бекемдөө үчүн коюлган. LinkedIn Европа Биримдигинин Эл аралык коопсуз порт купуялуулук принциптерине катышкан.
2016-жылы 13-июнда Microsoft LinkedIn'ди 26.2 млрд АКШ долларына сатып алуу планы бар экенин жар салган. Сатып алуу 2016-жылы 8-декабрда аяктаган. Бүтүм болжолдуу 26.4 млрд АКШ доллар нак акчага сатып алуу менен жыйынтыкталган.