MTV Video Music Award

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

MTV Video Music Award (VMA деп да кыскартылат) - MTV кабелдик каналы эң мыкты музыкалык видолорго ыйгарган сыйлыгы. Эң башында "Грэмми" (видео) сыйлыгынын альтернативасы катары ойлонулган, жыл сайын өткөн MTV Video Music Awards сыйлык тапшыруу аземи 20 жашка чейинки миллиондогон жаштардын көңүлүн бурганынан улам көптөгөн учурда "Super Bowl for youth" (кырг. "жаштардын супер кубогу") деп аталып келет. 2001-жылы VMA сыйлык тапшыруу аземи эң күтүлгөн чарага айланган. Сыйлыктын жеңүүчүлөрүнө берилген статуэткасы, MTV каналынын эң алгачкы символдорунун бири, эл арасында "ай адамы" катары таанымал болгон айдын бетинде турган астронавт. Кандай болсо дагы, 2017-жылы MTV каналынын президенти Крис Маккарти, статуэтканын аталышы "Ай инсаны" болгонун билдирген. Статуэтканын дизайнын MTV фирма белгисинин үстүндө иштеген Manhattan Design ойлоп чыгарган, статуэтканын жалпы дизайны Фред Сейберттин 1981-жылы ойлоп чыгарган "Top of the Hour" (кырг. "Сааттын башы") анимациясынын негизинде жасалган, анимациянын продюсерлери Алан Гудмен менен Базз Потамкиндин (Buzzco Associates) болгон. Азыркы статуэтканын дизайнын Ңү-Йорктогу Society Awards фирмасы ойлоп чыгарган.2006-жылдан баштап көрүүчөлөр өздөрүнө жаккан видеолорго MTV веб-сайты аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

VMA сыйлык тапшыруу аземи жыл сайын жайдын акыркы күндөрүңдө, кеч августта же сентябрдын ортолорунда өтөт, ал жандуу түрдө MTV каналында жана ички атаандаштыкты азайтыш үчүн ага параллелдүү болгон каналдарда берилет. Эң биринчи VMA сыйлык тапшыруу аземи 1984-жылы, Нү-Йорк шаарында жайгашкан Radio City Music Hall залында өткөн. VMA сыйлык тапшыруу аземдери Нү-Йоркто же Лос-Анжелесте өтөт. Ошентсе да, ырым учурларда сыйлык тапшыруу аземдери Майами жана Лас-Вегаста да откөн.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]