Marvel Entertainment
Marvel Entertainment, ЖЧК (мурун Marvel Enterprises and Toy Biz, Inc., рынокто MARVEL катары таанымал) - Marvel Entertainment Group жана ToyBiz компаниялардын биригишинде, 1992-жылы июнда түзүлгөн америкалык зоок компаниясы. Marvel Entertainment Walt Disney компаниясынын туундундусу болуп саналат, ал Marvel Comics, Marvel Animation жана Marvel Television бөлүктөрү менен таанымал. Мурун Marvel Studios Marvelumbrella астында иш жүргүзчү, Walt Disney Studios компаниясынын туунду бөлүкчөсү болгондон кийин, ал телевизиондук тармакта үзгүлтүксүз түрдө ар кандай телевизиондук шоуларды чыгарууда.
2009-жылы, Walt Disney компаниясы 4 миллиард АКШ долларга Marvel Entertainment компаниясын сатып алган, ошол замандан тартып компания ЖЧК болгон. Маалыматтарга таянганда, Marvel каржылык отчеттуулук боюнча Disney компаниянын негизги керектелүүчү товарларлар сегментине кирет.
Көп жылдан бери Marvel Entertainment башка дүйнөлүк компаниялар менен бир канча сүйлөшүүлөргө жана шериктештиктерге кирген. 2017-жылдын абалына карата, Marvel 20th Century Fox жана Sony Pictures компаниялар менен тасма өндүрүү боюнча уруксаттама макулдашуулары бар, мындан тышкары, Disney компаниянын менчиги болгондон мурун, Marvel Universal Parks & Resorts менен тематикалык оюн-зоок парктар боюнча уруксаттама макулдашуусу бар. Universal менен түзгөн макулдашуусунан, Marvel каармандарынан жана башка менчиктеринен тышкары Walt Disney парктар жана эс алуучу жайлар пайда болгон.