Material

Wikipedia дан
материалl

ГРАФИК (Graphics-Графика). Тексттик процеү.
Текстти иштетүү пакеттерине көп деген сүрөттөрдү (графиктерди) кошуп коюшат, алар демейде өз алдынча башка колдонмолордо түзүлөт жана документке киргизилет.
Текстти иштетүүдө сүрөт галереясы деп аталган, мурда түзүлгөн сүрөттөрдүн жыйындысы колдонулат.
Анда жыйналган сүрөттөлүштөр типтери боюнча топтолгон жана ар бирине бир нече жүздөн бир нече миңге чейинки сүрөттөлүштөр кирет.
Эгерде графиктик обжект документке орнотулса, анда аны документтин ичинде бир орундан экинчи орунга которууга (жылдырууга), өлчө-мүн өзгөртүүгө, айландырууга, кесип коюуга жана түстөрүн өзгөртүүгө болот.
Компьютер графиги тексттик эмес иллюстративдик маалымат болуп саналат. Алгач компьютер графиги сандык берилиштерди график түрүндө көрсөтүүдө жана анализдөөдө колдонушкан.
Кийин компьютер графиги диаграммa түзүүдөн чыгып, азыркы учурда сүрөт тартуу жана түс салуунун компьютердик програмдарын колдонуп, сүрөтчүлөр мыкты искусство чыгармаларын жаратууда.
Бул програмдар жарнамаларды жана маркеттик материалдарды иштеп чыгууда көп колдонулат.
Сүрөттө-лүштөр жана фото сүрөттөр да компьютер графиги катары каралат.

ГРАФИК ПЛАНШЕТИ (Graphics tablet-Графический планшет).
Коддогуч сыяктуу иштейт, ал уникалдуу белгилерди, буйруктарды камтыйт, бул белгилер жана буйруктар планшет тарабынан автоматтык түрдө түзүлүп турат.
График планшетин долбоорлоонун автоматташтырылган системдеринде (САПР) архитектоpлор жана долбоорлоочулар колдонушат.
ГРАФИК СИМВОЛДОРУ (ТАМГАЛАРЫ) (Graphics character-Графические сим-волы).
Сызык, тик бурчтук, башка ариптик сүрөттөлүштөр сыяк-туу геометриялык фигура-ларды түзүүгө боло турган символдор көптүгү.
Компьютердин тексттик режимде иштөөсүнө багытталган прграмдарда колдонулат (мисaлы, ASCII).

ГРАФИК РЕЖИМИ (Gra-phics mode- Графический режим).
Дисплей режими, мында экранда пайда болгон текст жана графиктер пикселдер менен тартылат.
Текст режиминде болсо экрандагы сүрөттөлүштөр кандайдыр бир стандарт менен калыптанган символдор көптүгүнүн жардамы менен чыгарылат.
ГРАФИК ТЕЗДЕТКИЧИ (Graphics accelerator-Графический ускоритель) өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн өздүк процессорду камтыган видеоадаптер түрү.
Мындай процессорлор графиктик эсептөөлөрдү максималдуу тездетүү максат]]ында иштелип чыккандыктан компьютерлердин универсал процессоруна караганда гра-фиктик маалыматты жакшы иштетет.
Буга кошумча гра-фиктик эсептөөлөрдү аткарып жатканда график тездеткичи компьютер процессорун башка буйруктарды аткарууга бошотот.
График колдонмолорунун кеңири таркалышы, өзгөчө мултимедиа колдонмолору график тездеткичинин зарыл экендигине алып келди.
Графиктик сүрөттөлүштөрдү сактоодо график тездеткичтери өздүк эстер менен жабдылат. Эсинин көлөмү чагылдыруучу түстөр санынын максималдык чечилүүсүн аныктайт.
Ар график тездеткичи белгилүү типтеги видео-жолчолор үчүн иштелип чыгат. Көпчүлүк график тездеткичтер PCI жолчосу үчүн иштелип чыккан.
Берилиш регистр-леринин разряддуулугу өзгөчө мааниге ээ.
Регистр разряд-дуулугу жогору болгон сайын процессор ар буйрук менен ошончо көп берилиш иштете алат.
ГРАФИК ТҮЗҮЛҮШТӨРҮ-НҮН ИНТЕРФЕЙСИ (Graphical Device Interface (GDI)-Интерфейс графических устройств).
Ал програм-чыларга тиешелүү стилде диалог терезелерин жана башка графиктик элементтерди түзүүгө мүмкүндүк бе-рет.
Бул ресурстун жардамы менен программалаганда програмчыга GDIге эмне тартыш керектигин жана тартуу орунун көрсөтүү же-тиштүү болот, ал эми сүрөттү тартуунун деталдары СDI програмдык ресурс өзүнө алат.
ГРАФИКТИ КӨРГӨЗҮҮНҮН ПРОГРАМДЫК ЖАБДЫГЫ (Presentation Graphics Soft-ware - Программное обеспечене презентаций).
Графикти көрсөтүү слайд (slides) деп аталган документтерди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет, алардагы маалыматтарды топ адамадарга көрсөтүү үчүн пайдаланат.
Слайддар чоң мониторго же экранга чагылдыруу менен көрсөтүлөт.
Графикти көрсөтүү аналитиктик графиктерден башка дагы көрсөтүүнүн кеңири элементтерин сунуш кылат.
Графикти көрсөтүү пакеттери камтыган айрым элементтерге төмөнкүлөр кирет:

  • графиктердин көп сандагы типтери;
  • график, текст жана сүрөттөрдүн үч өлчөмдүү көрсөтүлүшү;
  • штрихтөө, көлөкө жана текстур сыяктуу атайын эффектер;
  • үн жана анимация;
  • түстүн регулятору;
  • графиктик сүрөттөлүштөрдүн жыйындысы, адатта ишкердик багыттагы фабрик, кесип ээлерин ж.б.у.с. лар менен байланышкан сүрөттөрдү камтыйт.

Слайддардан сырткары графикти көрсөтүү програмдар пакеттери көрсөтүүлөр үчүн документтердин башка түрлө-рүн түзүүгө мүмкүндүк берет.
Аудитория үчүн экиден көп слайддарды камтыган реклам барактары түзүлөт. Көрсөтүү үчүн транспоранттык слайддар да иштелип чыгат жана ар бир баракты сүйлөп жаткан адам колдонот.
Мындай слайддарда сүрөт жана слайдды талкуу-лоодо колдонулуучу каалагандай жазуулар болот.
Слайддарды түзүү жана көрсөтүүнү жеңилдетүү максатында графикти көрсөтүүчү програмдар пакеттери колдонулат.
Алар слайддарды иреттөөчү каражаттарды камтыйт. Слайдды иреттөөчү каражат экранга фотонун 35 мм түстүү слайддар жадыбалын көрсөтөт.
Чычкан же башка орунду башкаруучу түзүлүштү колдонуп, слайддарды каалаган тартипте иреттеп койсо болот. Слайддар керектүү тартипте жайгаштырылгандыктан бирден көрсөтүлүп турат.
Ар слайды көрсөтүү убакытысынын мөөнөтү орнотулуп коюлса, анда слайддарды автоматтык түрдө көрсөткөн режим пайдаланылат.
Слайддардын көрсөтүү арасында атайын эффектерди киргизүүгө болот, мисалы, бир слайд акырындап жоголору менен экинчи слайд чыгарылат.
Графикти көрсөтүүчү програмдык жабдыкты колдонуу менен профессионалдык сапаттагы көрсөтүүлөрдү эффективдүү түзүүгө болот.
Графикти көрсөтүүнүн белгилүү пакеттерине Microsoft Power Point, Aldus Persuasion, Lotus Freelance Graphics жана Compel кирет.
ДАРБАЗА (Gateways-Шлюз).
1. Тармактын колдонуучулары үчүн бөлүнгөн програмдык жабдыктардын жана компьютер жабдууларынын бирикмеси. Мисалы, дарбаза жеке компьютерлер тармагын универсал компьютер системи менен туташтырууда колдонулат. Көпчүлүк окуу жайларда студенттер жана окутуучулар дарбазаны пайдаланып, дүйнөлүк тармакка жана башка тармакка чыга алышат.
2.Иштөө протоколуна көз каранды болбогон тармактар аралык берилиштерди жиберүү үчүн аппараттык жана програмдык жабдуулар.
ДАТАГРАМ. (Datagram-Детаграмм, пакет данных). Берилиштердин бир пакети (же бирдиги) болуп жеткирүүгө керек болгон маалыматтарды камтыйт, атап айтканда бул маалыматка тармак боюнча пакеттерди коммуттоо менен жеткирилүүчү жердин дареги ж.б.лар кирет ДЕИНСТАЛОО (Uninstall-Деинсталяция).
Колдонмо програмдар компьютерге орнотулганда алардын айрым бөлүктөрү системдик файлдар каталогдоруна киргизилип калат.
Эгерде компьютерден ага орнотулган колдонмо програмдык жабдыкты алып салууга туура келсе анын системдик файлдар ичине киргизилген бөлүктөрү ошол бойдон калып калат.
Деинсталоо учурунда компютер системинен алып салынуучу колдонмо програмдык жабдыктарды жана аны менен байланышкан көп деген каалагандай системдик файлдар каталогдоруна киргизилген бөлүктөрүн алып салынат.
ДЕКЛАРАТИВ ТИЛИ (Dec-larative language-Декларативный язык).
Програмчыны коюлган маселени чыгаруу үчүн зарыл болгон процедур-ларды так жазуудан бошоткон программалоо тили. Декла-ратив тилин програмчы фактылар көптүгүн жана алардын өз ара байланыштарын баяндап жазуу үчүн пайдаланат, мындан кийин кол-донуучу програмдык системге суроо (талап) коет жана ага жоопту талап кылынган жыйынтык түрүндө алат.
Мындай тилге мисал болуп SQL структураланган талап тили эсептелет.
SQL тили берилиштерди баяндоону, керектүү маалыматты суроо түрүндө издөөнү жана жоопту колдонуучуга ыңгайлуу ка-лыпта керектүү жазылыш-тарды тизме түрүндө алууга мүмкүндүк берет. Декларатив тилдери жасалма интеллект системдеринде (Пролог тили), эксперт системдеринде (MYSIN ж.б.), берилиштер базасында документтерди бел-гилөө тилдери (HTML тили) катары колдонулат.
ДЕМОН, «ШАЙТАН» (Dae-mon). Шайтан деп аталган програм сервердин эсинде үзүлгүс түрдө орнотулат жана регулярдуу тапшырма иштерди аткарат. Ушундай програмдар клиент жана сервер катташтарында талаптарды иштетүүгө колдонулат.
Мисалы, электрон почтонун «шайтаны».

ДЕСЯТКОВ ГЕННАДИЙ АЛЕКСАНДРОВИЧ (1947), физика-математика илимдеринин доктору (1995), профессор (1996)
Орус. Ташкен шаарында туулган.
Москвадагы Энергетик институтун (Москва ш., 1972) аяктаган.
КР УИАсынын физика институтунда кенже, ага илимий кызматкер.
1993-жылдан бери Кыргыз-Россия (славян) университетинин маалыматтар жана эсептөөчү техноложилер кафедрасын жетектейт. Жылуулук физика маселелерин математикалык жана компьютердик моделдөө илимий багыты боюнча кесип ээси.
Эл аралык маалыматташ-тыруу, Эл аралык жогорку мектеп академиялардын ака-демиги. 8 монография, 7 ойлоп табууну камтыган 120 дан ашык илимий эмгекти жарыя-лаган.
ДЕФОЛТТУК ОРНОТУУ (Default setting-Установка по умолчанию).
Колдонуучу учурдагы орнотууларды өзгөртүү зарылчылыгына кел-мейинче програм автоматтык түрдө орнотулган параметрлер дефолттук түрдө орнотулган параметрлер болуп саналат.
башкача айтканда програм параметрлерин колдонуучудан сурабай туруп орнотуп берип турат.
Мисалы, тексти элек-трондук иштетүүдө арип өл-чөмү жана тиби, электрондук жадыбалдарда мамыча кең-диги сыяктуу програм пара-метрлери алдын ала анык-талган мааниде дефолт орнотулат.
ДЕФРАГМЕНТТӨӨ (Defrag¬mentation-Дефрагментация).
Файлга жетүүнү жана аны тез эске жүктөөнү тездетүү максатында файлдын чачыранды бөлүктөрүн катуу дисктин коңшу секторлоруна которуп жазуу процесси дефрагменттөө деп аталат.
Файл жаңылаганда компьютер өзгөрүүлөрдү катуу дисктин бош жана кенен орундарына сактап коет.
Мында фрагменттөө аткарылат, б.а. файлдын бөлүктөрү дисктин ар кайсы жерине жазылып калат, ошондуктан ачылып жаткан файлдын бардык бөлүгүн табуу кошумча чыгымдарга алып келүү менен системдин жооп берүү убактысы тиешелүү түрдө чоңоөт. Берилиштерди дискке сактаганда кош милдеттүү бөрк аларды биринчи жеткен кластерлерге жайгаштырып коет.
Эгерде берилиштердин баардыгы бир кластерге сыйбай калса жана удаалаш кластер бош болбосо, анда берилиштердин калган бөлүгүн дисктин башка бөлүгүндөгү кластерге жайгаштырып коөт.
файл Ошентип файл катар жаткан кластерлерде жайгашпай калат, мындай файлды фрагменттелген деп айтышат.
Фрагмент термини удаалаш эмес кластерлерде жайгашкан көп файлдарды камтыган дисктер үчүн да колдонулат.
Фрагменттелген файлдар менен иштөө компьютердин иштешин жайлатат, себеби, дисктин ар кайсы бөлүгүндө жайгашкан берилиштерди окуу чогуу жайгашкандарга караганда көп убакыт талап кылат.
Дефрагменттөө процесси ушул маселени чечет. Дефрагменттөөдө дискте сакталган файлдардын берилиштери удаа жайгашкан кластерлерде которуштурулат.
Дефрагмент-төө програмдары системдин утилиттери же өзүнчө програмдар түрүндө түзүлөт.
Айрым иштетүү системдер курамында дефрагменттөө програмдары болот.

Адабияттар[оңдоо]

  • М. Л. Бернштейн, В.А Займовский. Механические свойства металлов. Изд. второе, М., «Металлургия», 1979.

Интернет шилтемелер[оңдоо]