Microsoft Windows

Википедия дан
Microsoft Windows
Иштеп чыгуучу Microsoft
Баштапкы код модели Жабык баштапкы код / shared source
Биринчи чыгарылышы Windows 1.0 / 20-ноябрь 1985-ж; 38 жыл мурун (1985-11-20)
Акыркы стабилдүү чыгарылышы 1803 (10.0.17134.112)/ 12-июнь 2018-ж; 5 жыл мурун (2018-06-12)
Акыркы сыноодогу чыгарылышы RS5 (10.0.17686)/ 6-июнь 2018-ж; 5 жыл мурун (2018-06-06)
Базардык багыты Персоналдык компьютерлер
Тилдердин саны 138
Пакет тейлегичи Windows Installer (.msi), Windows Store (.appx)
Платформалар ARM, IA-32, Itanium, x86-64, DEC Alpha, MIPS, PowerPC
Өзөк түрү Windows NT бүлөсү: Гибриддик
Windows CE: Гибриддик
Windows 9x жана андан мурдагы: Монолиттик (MS-DOS)
Колдонуучу интерфейси Windows shell
Лицензиясы Проприетардык коммерциялык программалык камсыздоо
Сайты windows.com

Microsoft Windows же жөн эле Windows — Microsoft компаниясы тарабынан иштелип, базарга алып чыгарылган жана сатылган графикалык операциялык системалардын үлкөн биримдиги. Ал операциялык системалардын бир нече үй-бүлөсүнөн турат. Алардын ар бири эсеп өнөр-жайынын белгилүү бир багытын IBM PCге ылайыктуу түзүлүш менен байланышкан операциялык система (OS) менен камсыздайт. Иштеп жаткан Windows үй-бүлөсүнө Windows NT жана Windows Embedded кирет; буларга бутактама биримдиктер кириши мүмкүн. Мисалы, Windows Embedded Compact (Windows CE) же Windows Server. Ишин токтоткон Windows үй-бүлөлөрүнө Windows 9x, Windows Mobile жана Windows Phone кирет.

Microsoft 1985-жылдын 20-ноябрында Windows деп аталган операциялык чөйрөнү сунуштаган. Бул графикалык колдонуучу интерфейсине (GUI) болгон кызыгуунун өсүшүнө жооп катары чыккан MS-DOS үчүн графикалык операциялык система кабыгы болгон. Microsoft Windows 1984-жылы киргизилген Mac OSтон ашып, дүйнөнүн жеке компүтерлер (PC) базарында 90 пайыздан ашыгын ээлеп, үстөмдүк кылып калган. Apple компаниясы Lisa жана Macintosh сыяктуу продукцияларында ишке ашырылып жаткан GUI өнүктүрүүдөгү ачылыштарына Windows адилетсиз кол салып жатат деп эсептей баштаган (акыры 1993-жылда сот Microsoft команиясынын пайдасына чечкен). PCлерде Windows дагы эле абдан популярдуу операциялык система болуп саналат. Ошондой болсо да, Android смартфондордун сатылышы массалык түрдө өскөнүнө байланыштуу 2014-жылы Microsoft жалпысынын операциялык система базарынын көпчүлүк бөлүгүнөн кол жууп, ал Androidге өтүп жатканын мойнуна алган. 2014-жылы сатылган Windows түзмөктөрдүн саны Android түзмөктөрдүкүнө караганда 25 пайызга аз болгон. Бирок бул салыштыруу толугу менен байланыштуу деле болбошу мүмкүн, анткени эки операциялык система негизинен эки башка платформаларга багытталган. Ошентсе да, Windows серверин колдонуу саны (атаандаштарына салыштырмалуу) базардагы үлүштүн үчтөн бирин көрсөтөт. Бул сатып алып пайдаланган колдонуучулардын саны менен бирдей.

2016-жылдын сентябрына карата PC, планшеттер, смартфондор жана кыналган түзмөктөр үчүн Windowsтун эң акыркы версиясы Windows 10 болуп саналат. Сервердик компүтерлер үчүн акыркы нускасы Windows Server 2016 болуп эсептелет. Windowsтун адистештирилген версиясы Xbox One видео оюн консолунда иштейт[1].

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. The Unusual History of Microsoft Windows