Motorola Mobility
Motorola Mobility -- америкалык тиричилик электроника жана телекоммуникация компаниясы. Ал мурда Google ээлик кылган жана азыр Lenovo компаниясына таандык болгон Motorola менен бөлүнүүнүн натыйжасында 2011-жылы түзүлгөн. Ал Иллинойс штатынын Чикаго жергесинде жайгашкан. Бөлүштүрүүдөн кийин Motorola Mobility компаниянын керектөөчүлөргө багытталган өндүрүштүк сабын, анын ичинде уюлдук телефон бизнесин, кабелдик модемдерин, санарип кабелдерди, спутниктик телекөрсөтүү кызматтарын алып кеткен. Ал эми Motorola Solutions компаниянын ишканаларга багытталган өндүрүштүк багыттарын сактап калган.
Компаниянын негизинен смартфондорду өндүрөт. Ал эми Android операциондук системинде иштеген башка мобилдик түзмөктөр Google тарабынан иштелип чыккан. Компания бөлүнүп кеткенден бир нече ай өткөн соң 2011-жылдын август айында Google компаниясы Motorola Mobility'ни 12.5 миллиард АКШ долларына сатып алган. Google өз сатып алуу ниетин Motorola Mobility'нин патенттер портфолиосуна көзөмөл жүргүзүү менен түшүндүргөн. Муну менен ал башка Android соодагерлерди соттук териштирүүлөрдөн тийиштүү түрдө коргой алмак. Соодалашуу 2012-жылдын май айында жабылган. Андан кийин ал кабелдик модемин жана санарип ресиверин Arris Group'ка сатып жиберген. Google'дун менчиги алдында Motorola Mobility өз багытын смартфон базарына бурган. Эң биринчи Android Wear аттуу смарт сааттарды таанышытырып, Project Ara долбоорун өнүктүрө баштаган. Бул -- курамын алмаштырып колдонууга ылайыкталган модулдук смартфондор үчүн платформа.
2016-жылы январь айында, Lenovo Motorola Mobility менен смартфон ишкердиги боюнча 2015-жылы августта бириктирилгенден кийин, компания жалпыга кайрылган "Motorola" брэнди менен чыга турганын шардана кылган. Ал соңку түзмөктөрдө пайдаланылган "Moto" брэнди менен Lenovo'нун "Vibe" брэндинин ордуна келген. Бирок, Motorola кийин чечмелегендей, брэнд мындан ары колдонула бермекчи. Ал эми маркетиң анын "Moto" жана "Vibe" брэнддерине багытталып, Motorola деген толук аталышы болсо кутусунун жана анын брэнддик лицензияларында жайгаштырылат. 2016-жылы ноябрда Lenovo өз атынан жана Vibe брэнди менен смартфондорду чыгаруусун токтото турганын шардана кылган. Ал эми мындан аркы бардык келечектеги смартфондор "Moto" брэндин жана Motorola энбелгисин алып жүрөт деп билдирген.