Moët & Chandon

Википедия дан
Moët & Chandon бөтөлкөсү
Logo

Moët & Chandon (/moɛt‿e ʃɑ̃ˈdɔ̃/), «Моэт э Шандо» — Шампан өндүрүшүндөгү дүйнөдөгү эң ири өкүл. Клод Моэт тарабынан 1743-жылы негизделген, учурда 1000 га жакын жүзүм талааларына ээлик кылып, жылына 26 миллион бөтөлкө шампан шарабын өндүрөт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбордук кеңсеси Эперне шаарында, Франция

Компания 1743-жылы Клод Моэт (Claude Moët) тарабынан түптөлгөн, ал кезде Клод, француз аймагы болгон Шампан деп аталган аймактан Парижге шарап ташый баштаган. Людовик XV башкарып турган Францияда, көбүргөн шарапка болгон кызыгуу күчөп турган учур. Мунун негизинде Моэттин бизнеси тез өнүгө баштаган, XVIII кылымдын аягында, ал өзүнүн шараптарын Европага жана Кошмо штаттарга экспорттойт. Клоддун небереси Жан-Реми Моэт Томас Жефферсон жана Наполеон Бонапарт сыяктуу белгилүү инсандарга өзүнүн шараптарын белек кылып, жарнамалоонун негизинде, "Моэт" атын дүйнөгө белгилүү кылган. Ал эми компания, өзүнүн экинчи атын болсо, Жан-Реми Моэт 1832-жылы компаниянын биринчи жарымын, өзүнүн күйөбаласы Пьер-Габриэл Шадо де Бриалльеге жана экинчи жарымын өз уулу - Виктор Моэтке ыйгарган учурда ээ болгон.

1840-жылы ысымдуу шампан шарабы түшүнүгү кирген соң, Моэт 1842-жылы бул түшүнүккө дал келген, өзүнүн, биринчи ысымдуу шарабын тартуулаган. Эң көп сатылган, Брют Империал (Brut Imperial) бренди 1860-жылдары өндүрүлө баштаган. Ал эми, белгилүү ысымдагы Дом Периньон шарабы болсо, ал кездеги «Шампани атасы» кайман аты менен белгилүү болгон, монах-бенедиктин ысымын алып жүрөт. Moët & Chandon 1971-жылы Хеннесси, 1987-жылы Louis Vuitton менен биригип LVMH (Louis-Vuitton-Moët-Hennessy) компаниясын түзүшөт. Компания 2004-жылы сатуу көлөмү 16 миллиард евро түзүп luxury жаатындагы эң ири компаниялардын бири болуп саналган. Moët & Chandon Улуу Британия Канышасы Елизавета II шампан шарабы менен камсыз кылуу боюнча Кансарай макулдугуна ээ.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]