NASA ачык булактык макулдашуусу

Википедия дан

NASA ачык булактык макулдашуусу (NOSA) - OSI жактырган программалык камсыздоонун уруксат лицензиясы болуп саналат. Бул лицензиянын чегинде АКШ нын космостук мейкиндигин изилдөө жана аэронавтика боюнча Улуттук Башкармалыгы (NASA) кээ бир программалык камсыздоолорду чыгарат (мисалы, NASA World Wind).

Ачык булактуу программалык камсыздоону жарыялоо Улуттук аэронавтика жана космос жөнүндөгү Мыйзамга ылайыктуу жазылган Агентчиликтин функцияларына туура келет, анда "анын ишмердүүлүгү жана анын натыйжалары тууралуу маалыматтарды максималдуу түрдө кеңири таратууну камсыздоо керек" деп айтылган болучу.

NOSA 2011-жылдын март айында өткөн NASA Open Source саммитинин талкуу предмети болгон.

NASA Open Source Макулдашуусу ачык булактуу лицензия катары кабыл алынган. Бирок эркин программалык камсыздоо Фонду төмөнкү сүйлөмү менен көйгөй жаратат:

G. Ар бир Катышуучу анын Өзгөртүүсү (модификациясы) катышуучунун оригиналдуу чыгармасы катары эсептелет деп көрсөтөт жана тийиштүү эч кандай макулдашуулар, эрежелер, жоболорду бузбайт, андан тышкары Катышуучунун бул Макулдашуу берген укуктарды алууга укугу жетиштүү деп эсептелет.

FSF "акысыз программалык камсыздоону иштеп чыгаруу коддун үчүнчү жактар менен айкалышкандыгынан көз каранды" деп жарыялайт, жана өзгөрүүлөр сиздин "оригиналдуу чыгармаңыз" болот деген талаптан улам лицензия акысыз программалык камсыздоонун лицензиясы боло албайт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]