NTFS файлдык системасы (NTFS file system)
NTFS – бул Windows NT тобундагы стандарттуу файлдык система.
NTFS файлдык системасынын башка файлдык системалардан бир топ өзгөчөлүктөрү бар.
Негизги өзгөчөлүктөрү:
- Чоң файлдар менен иштөөдө FAT файлдык системасына караганда эффективдүү.
- Каталокторго жана файлдарга атайын чектөөлөрдүү жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө болот.
- Ар бир транзакцияларды журналга жазып алат.
- Дисктердин кластерлеринде жана секторлорунда максималдуу чектөөлөр жок.
- FAT жана HPFSдан айырмаланып NTFSда ар түрдүү символдорду колдонууга болот жана файлдын аттарын 255 символго чейин жазууга болот.
- Ичиндеги каталог жана файлдарды кысууга (сжатие) болот.
NTFSтин структурасы. Баардык эле системалар сыяктуу NTFS пайдалуу орундарды кластерлерге бөлөт. Шартуу түрдө NTFS экиге бөлүнөт. 12% ти MFT зонасы ээлейт. Калган 88% оорунду жөнөкөй эле бөлүктөн турат.