Nautilus Pompilius

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Nautilus Pompilius ( "Наутилус Помпилиус") - советтик жана орусиялык рок-топ. Свердловскто (азыркы Екатеринбург), расмий түрдө 1982-1983-жылдары, Вячаслав Бутусов менен Дмитрий Умецкой "Переезд" аттуу алгачкы альбомдун үстүндө чогуу иштей башташканда түзүлгөн. Топтун курамы 1982-жылдан бери карай бир нече жолу өзгөргөн. Топтун музыкалык стилинде да өзгөрүүлөр болуп турган.

Аталышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Топтун расмий аталышы "Nautilus Pompilius". Nautilus Pompilius - наутилустар уруусуна тиешелүү моллюскалар түрүнүн системдик аталышы болуп саналат. Бир нече альбомдо эки сөз тең чоң латын тамгалары менен жазылган - «NAUTILUS POMPILIUS», башка бир нече альбомдо болсо, кирилл тамгалары менен жазылган - «НАУТИЛУС ПОМПИЛИУС». Топту "Наутилус", "Наус" же дагы кыскартып, "Нау" деп да аташат.

Популярдуулуктун башталышы[оңдоо | булагын оңдоо]

"Наутилус" 1986-жылы "Рузлука" альбому чыккандан кийин бүткүл союзга таанымал боло баштаган. Ошол мезгилде кийин көпчүлүк күйөрмандарына 1980-жылдардагы "Наутилусту" эстетчү имидждерин табышкан. Атап айтканда, аскер чалыш форма, чала грим жана жай, бирок ошол токтоолугу менен таасир эткен пластика.

"Наутилустун" популярдуулугунун толуп-ташкан учуру 1988-жыл болуп эсептелет. Бул учурда топ СССРде жигердүү гастролдогон, советтик рок тууралуу финдердин "Орок жана гитара" (орус. "Серп и гитара") аттуу тасмасына тартылгандан кийин чет өлкөгө чыгып келген (жылдын аягында Финляндияга барышкан), үн-жызуучу "Мелодия" фирмасынан алгачкы "Князь тишины" пластинкасын чыгарышкан. Буга "Наутилустун" мурдагы эки альбомунда орун алган хиттери («Последнее письмо», «Взгляд с экрана», «Скованные одной цепью», «Шар цвета хаки», «Казанова») жана арасында "Я хочу быть с тобой" ыры да бар, ошол мезгилге чейин концерттерде аткарылган, бирок жаздырылбаган бир нече жаңы ыр кирген.

Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]