PayPal

Википедия дан

PayPal (англ. "төлөөгө жардам берген дос") - эң ири дебеттик электрондук төлөм системи. Кардарларга эсеп жана сатып алуулар менен эсептешүүгө, акча жөнөтүүгө жана алууга мүмкүндүк берет. 2002-жылдын октябрынан баштап, eBay компаниясынын бөлүгү болуп саналат. 2015-жылдын 20-июлунан тарта PayPal менен eBay рынокто өзүнчө сатылат. Фонддук рынокто бөлүнүп чыккан PayPal компаниясынын наркы учурда мурдагы ана компаниясынан жогору бааланат.[1]

PayPal 2017-жылдагы абалы: 202 өлкөдө иштейт (бирок бардыгында кызматтардын толук тизмеси камсыз кылынбайт), 200 миллиондон ашык катталган колдонуучу бар, 25 улуттук валюта менен иштейт.

Сатып алууларды төлөөдө PayPal'дын эң маанилүү өзгөчөлүгү – аларманга дагы сатуучуга дагы коопсуздук кепилдигин камсыз кылуусу болуп саналат. Кыргыз сому кабыл алынбайт жана КРге акча чыгаруу мүмкүнчүлүгү жок.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Пейпалды пайдаланууга өзгөчөлүктөрү