R.E.M.
R.E.M. (айтылышы: [ар-и-эм]) – доолбасчы Билл Берри, гитарист Питер Бак, бас-гитарчы/бэк-вокалист Майк Миллз жана башкы вокалист Майкл Стайп 1980-жылы Атенсте (Жоржия) тегиздеген америкалык рок-тобу. Эң биринчи альтернативдүү рок-тобу болуп саналган R.E.M. тобу Бактын арпеджио менен аткарган гитара чалуусу, Стайптын үнү менен түшүнүксүз ыр жазуусу жана Миллзтин мелодиялуу бэк-вокалы менен белгилүү. 1981-жылы R.E.M. көз карандысыз Hib-Tone үндү жаздыруучу фирма белгиси аркылуу өздөрүнүн алгачкы "Radio Free Europe" (кырг. "Эркин Европа радиосу") синглин жаздырган. Кийин, 1982-жылы, I.R.S. Records үндү жаздыруучу фирма белгиси аркылуу Chronic Town (кырг. Көнүмүш шаар) кичи-альбому жарыкка чыккан. 1983-жылы R.E.M. тобу сынчылар тарабынан бааланган Murmur (кырг. Шыбыр) аталышындагы биринчи альбомун жаздырып кийинки бир канча жыл ичинде тынымсыз үн жаздыруулары, гастролдору жана колледж радиосунун жардамы топту атакка жеткирген. Жашырын сахнада ийгиликке жеткен R.E.M. "The One I Love" (кырг. "Ашыкмын") сингли 1987-жылы көпчүлүктүн көңүлүн бурган хит болгон. 1988-жылы Warner Bros. Records менен келишимге кол коюп алар ырлары аркылуу саясий жана экологиялык маселелерди козгоп дүйнөлүк аренага чыгат.
1996-жылы R.E.M. Warner Bros. менен ошол жылдары тарыхта болуп көрбөгөн эң кымбат баалуу (80 миллион доллар) келишимге кол койгон. 1996-жылы жаздырылган New Adventures in Hi-Fi (кырг. Үн жазуунун жаңы окуялары) альбому сынчылар тарабынан жогору бааланыганына карабастан мурунку альбомдоруна салыштырмалуу финансылык жактан ийгиликсиз болгон. Кийинки жылы Билли Берри топтун курамынан чыгат, Стайп, Бак жана Миллз трио катары чыгармачыгыгын улантат. Музыкалык стилине бир нече өзгөрүүлөрдү киргизгенден кийин он жыл бою өзүнүн чыгармачылыгын улантып ар кандай критикалык жана финансылык ийгиликтерге жетип дүйнө жүзү боюнча 85 миллиондон ашык үн жазууларын сатканы менен соң ал "Дүйнө боюнча эң көп сатуулары болгон эң мыкты музыкалык артисттери" болуп эсептелген. 2007-жылы R.E.M. Рок-н-роллдун атак-даңк музейине кошулган. 2011-жылдын сентябрында достук кылып тараган, бул кабарды алар өзүнүн веб-сайты аркылуу жарыя кылышкан.
Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]
Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]
Дискографиясы[оңдоо | булагын оңдоо]
- Murmur (1983)
- Reckoning (1984)
- Fables of the Reconstruction (1985)
- Lifes Rich Pageant (1986)
- Document (1987)
- Green (1988)
- Out of Time (1991)
- Automatic for the People (1992)
- Monster (1994)
- New Adventures in Hi-Fi (1996)
- Up (1998)
- Reveal (2001)
- Around the Sun (2004)
- Accelerate (2008)
- Collapse into Now (2011)