Sgt. Pepper's Lonely Hearts Club Band

Википедия дан

Sgt. Pepper's Lonely Hearts Club Band (кырг. Сержант Пеппердин элкин жүрөктөр клубунун оркестри) (альбомдун жумушчу аты - One Down, Six to Go) - The Beatles британ рок-тобунун сегизинчи студиялык альбому. Көптөгөн сынчылар Sgt. Pepper's Lonely Hearts Club Band'ди бардык мезгилдердин эң таасирдүү рок-альбомдорунун бири экенин белгилешет. Атап айтканда, альбом Rolling Stone (2003) журналынын версиясына ылайык, эзелден берки жана бүткүл элдердин мыкты альбому болуп саналат. 2006-жылы британ чарттарынын элүү жылдыгына карата Би-Би-Си радиостанциясы тарабынан угармандардын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, аталган альбом Улуу Британияда популярдуулук боюнча биринчи орунду ээлейт. Sgt. Pepper's Lonely Hearts Club Band сатылган 30 миллиондон ашык нуска менен дүйнөлүк альбом сатык лидерлеринин тизмесинде тогузунчу орунда турат.

Альбом 1966-жылы 6-декабрда башталган 129 күндүк мөөнөт ичинде жазылып, 1967-жылы 1-июнда Улуу Британияда чыккан (Ошол эле жылдын 2-июнунда альбом АКШда сатыла баштаган).

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]