Simple Minds

Википедия дан

Simple Minds – 1977-жылы Глазгодо түзүлгөн шотландиялык рок-тобу. 1980-жылдарынын финансылык жактан эң ийгиликтүү шотландиялык тобу, алар популярдуу болгон кезде беш альбому Улуу Британиянын эң мыкты альбомдорунун тизмесине кирип дүйнө жүзү боюнча 60 миллион альбом сатышкан. Топ курамынын өзгөрүүлөрүнө карабастан алар ыр жазып башка жерге гастролго барууларын токтотушкан жок.

Топ бир канча хит-синглдери жаздырган, алардын ичинде 1985-жылы дүйнөлүк аренада таанымал болгон "Don't You (Forget About Me)" (кырг. "Унутпа мени") хити (Улуу Британияда, АКШда жана Канадада эң мыкты ыр болуп саналган), ал The Breakfast Club (кырг. ""Эртең мененки тамактануу" клубу") тасманын коштоо ыры болгон. Алардын таанымал болгон хиттери: "Alive and Kicking" (кырг. "Тирүү күрөшүүчү") (Улуу Британия №7, АКШ №3, Канада №3) жана "Belfast Child" (кырг. "Белфаст баласы") (Улуу Британия №1, Ирландия №1, Голландия №1). 2016-жылы алар "Көрүнүктүү ырлар жыйнагы" үчүн Британиялык академиясынын Айвор Новелло сыйлыгына ээ болгон.

Топтун негизги өзгөрүлбөс курамын анын эки негиздөөчү түзөт: Жим Керр (вокал, ыр жазуучу) жана Чарли Берчилл (гитара, 1990-жылдан кийин клавиштүү инструмент, башка музыкалык аспаптар, ыр жазуу). Учурдагы курамынын мүчөлөрү: Энди Гиллеспи (клавиштүү инструмент), доолбасчы Мел Гейнор (1982-жылы кошулган) жана Жед Граймс (бас-гитара). Топтун мурунку мүчөлөрү: бас-гитарист Дерек Форбс, доолбасчы Брайан Мак-Ги жана Мик Макнейл (клавиштүү инструмент).

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]