Spotify
Spotify Technology S.A. | |
![]() | |
Негизделген жылы |
2006 |
---|---|
Негиздөөчүлөрү |
Даниэль Эк (аткаруучу директор), Мартин Лоренцон (төрага) |
Жайгашкан жери |
Стокгольм, Швеция |
Өндүрүшү |
Музыка индустриясы, агымдык кызматтар, медиа |
Жумушчуларынын саны |
2960 |
Урааны |
"Music for everyone" (Ар бир адам үчүн музыка) |
Сайт |
Spotify (англ. Spotify, [ˈspɒtɪfaɪ]) — музыкалык чыгармаларды жана подкасттарды угууга мүмкүнчүлүк берген агымдуу аудио кызматы. Ал дүйнөлүк ири жана көз карандысыз лейблдердин, анын ичинде BBC, Sony, EMI, Warner Music Group жана Universal компанияларынын аудиожазууларын мыйзамдуу түрдө онлайн угууну сунуштайт. 2008-жылдын октябрь айында шведдик «Spotify AB» стартапы тарабынан ишке киргизилген.[1]
«Spotify» — бул онлайн режиминде музыка угууга мүмкүнчүлүк берген жана файлдарды түзмөккө жүктөөнүн кереги жок болгон алгачкы агымдуу сервис. Кызмат дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө жеткиликтүү: Америкада (Кубадан тышкары), Европада, Океанияда, ошондой эле Азиянын жана Африканын көптөгөн өлкөлөрүндө.
Жалпысынан, сервис дүйнөнүн 186 өлкөсүндө иштейт жана 36дан ашык тилди колдойт.[2]
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Spotify Windows, macOS, Linux, Android жана iOS операциондук системаларында жеткиликтүү, ал эми Spotify Connect («Spotify байланышы») функциясы колдонуучуларга ар кандай көңүл ачуу системаларын колдонууга мүмкүндүк берет. Колдонуучулар издөө аркылуу аткаруучуларды, альбомдорду, плейлисттерди жана лейблдерди таба алышат.
Мындан тышкары, сервис колдонуучуларга өздөрүнүн ойнотмо тизмелерин түзүүгө, түзөтүүгө жана бири-бири менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Spotify'да 30 миллиондон ашуун ыр бар жана бул сан туруктуу өсүүдө.
2006-жылы Мартин Даниэль Эк менен «μTorrent» негиздөөчүсү Людвиг Стригеусту тааныштырат. Людвиг сервисинин мыйзамсыз популярдуулукка ээ болуп жатканын билгендиктен, анын келечеги боюнча так планы жок болчу. Даниэль бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, «μTorrent»ти сатып алат жана өзүнүн мыйзамдуу музыкалык сервисин түзүү идеясы бар экенин айтып, Людвигди программист катары кызматташууга чакырат. Көп өтпөй Даниэль «μTorrent»ти «BitTorrent» компаниясына сатып жиберет.
2016-жылдын июнь айына карата сервиске 100 миллиондон ашык колдонуучу катталган, алардын 40 миллиону премиум кызматтарды колдонгон. 2017-жылы 150 миллион колдонуучунун жарымы акы төлөнүүчү жазылууга ээ болчу.
2018-жылдын 1-мартында Spotify коомдук компания болуу ниетин жарыялады. 3-апрелде акциялар сатыла баштады жана жалпы капиталдаштыруу 23,5 миллиард долларды түздү. 11-сентябрга карата бул көрсөткүч 32,8 миллиард долларга жетти.
Киреше туруктуу өсүп жатканына карабастан, Spotify'дын чыгашалары дагы өсүп, 2018-жылдын экинчи кварталында 394 миллион долларга жеткен.
2019-жылдын февраль айында компания подкасттарды жаратып, тараткан Gimlet Media Inc. жана Anchor FM Inc. компанияларын 340 миллион долларга сатып алды. Spotify жыл аягына чейин подкасттарга 500 миллион доллар инвестициялоону пландаган, анткени аларды келечектүү жарнама аянтчасы катары баалаган.
2021-жылдын ноябрында Spotify аудиокитептер үчүн Findaway платформасын сатып алды.[3]
2022-жылдын февралында Spotify футболдук «Барселона» клубунун башкы демөөрчүсү болуу жана «Камп Ноу» стадионунун аталышын сатып алуу ниетин жарыялады. Үч сезонго түзүлгөн келишимдин суммасы 280 миллион евро болгон.
Россиянын Украинага кеңири масштабдуу баскынчылыгы башталгандан кийин, Spotify Россиядагы ишмердүүлүгүн чектеп, кеңселерин жаап, орус өкмөтү тарабынан каржыланган контентти өчүрдү. Сервис 2022-жылдын 11-апрелине чейин Россияда жеткиликтүү болуп, андан соң, медиа каражаттарына көзөмөлдү күчөткөн жаңы мыйзамдардын кабыл алынышына байланыштуу, ишин толук токтотту. 2023-жылдын февралында Spotify Россиядагы юридикалык өкүлчүлүгүн жоюу боюнча арыз берген, ал 14-декабрда расмий түрдө жабылган.
«Бул биздин кызматкерлерибиздин жана, мүмкүн, угармандарыбыздын коопсуздугун коркунучка кептейт. Учурдагы жагдайды кылдат карап чыккандан кийин, биз Россиядагы ишмердүүлүгүбүздү толук токтотуу жөнүндө татаал чечим кабыл алдык».[4]
Бул чечим 2022-жылдын биринчи жана экинчи кварталдарында болжол менен 2,1 миллион акы төлөнүүчү жазылуучуну жоготууга алып келди.[5]
Бизнестик модель
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Spotify фримиум моделине негизделген, анда колдонуучуларга негизги кызматтар акысыз берилет, бирок кошумча функцияларды төлөм менен сунуштайт. Бул модельге ылайык, Spotify кирешени жазылууларды сатуу жана жазылуу албаган угарманларга жарнама берүү аркылуу алат.
2013-жылы Spotify «Spotify for Artists» ленднүгүн жарыялап, музыка тармагында иштеген артисттерге өздөрүнүн контентин угаруучуларга монетизациялоону сунуштады. Spotify for Artists компаниясы ар бир аткаруучу үчүн автордук сыйлыкты эсептөөдө бирдиктүү баа жок экенин жана өлкө жана автордук сыйлыкка карап айырмачылыктар болорун белгилейт. 2014-жылга карата, укук ээлери ар бир угуу үчүн $.000029дан $.0084кө чейин алчу болчу.
Кыргызстанда Spotify
Spotify Кыргызстанда 2021-жылдын 25-февралында ишке киргизилди. Ошондон бери платформа өлкөнүн колдонуучуларына агымдуу музыка жана подкасттарды угууга мүмкүнчүлүк берет. Spotify ошондой эле кыргыз музыканттарына жана чыгармачыл адамдарга өз контентин дүйнөлүк аудиторияга сунуштап, монетизациялоо мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт.[6]
Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ https://web.archive.org/web/20090121093939/http://www.guardian.co.uk/music/2009/jan/16/downloading-music-spotify
- ↑ https://web.archive.org/web/20210305013658/https://newsroom.spotify.com/2021-02-22/spotify-expands-international-footprint-bringing-audio-to-80-new-markets/
- ↑ https://web.archive.org/web/20220205201326/https://findaway.com/resources/press/Press_Release_Findaway-Spotify.pdf
- ↑ https://www.expressen.se/nyheter/spotify-stangs-ned-i-ryssland-/
- ↑ https://www.wsj.com/livecoverage/russia-ukraine-latest-news-2022-04-27/card/spotify-expects-loss-of-2-1-million-russian-subscribers-5oyNTxSAxWymcsoIiDhk
- ↑ https://novastan.org/en/uzbekistan/spotify-expands-to-kyrgyzstan-and-uzbekistan/