Swedish House Mafia
Swedish House Mafia – Аксвелл, Стив Анжелло жана Себастьян Ингроссо дижейлерден турган шведдик хаус-музыкалык тобу. Топ расмий түрдө 2008-жылдын аягында түзүлгөн. DJ Magazine журналында супер топ 2011-жылдын "Эң мыкты 100 дижей" сурамжылоосу боюнча биринчи орунду ээлеп, "негизги багыттагы прогрессивдүү хаус-музыканын өкүлү" болгон. 2012-жылы DJ Magazine журналынын Эң мыкты 100 дижей сурамжылоосу боюнча алар 12 орунду ээлеген. 2012-жылдын 24-июнунда Swedish House Mafia тобу өздөрүнүн веб-сайты аркылуу 2013-жылдын 24-мартында аяктай турган Ultra Miami 2013 фестивалдан кийин One Last Tour (кырг. Акыркы тур) туру менен топтун чыгармачылыгы аягына келээрин жарыялаган.
Аксвелл менен Себастьян Ингроссо Axwell Λ Ingrosso аталышы астында чыгармачылык ишин уланткан.