Tоpo Генри Дейвид

Wikipedia дан

Tоpo Генри Дейвид (12. 7. 1817, Конкорд, Массачусетс штаты, АКШ - 6. 5. 1862, ошол эле жер) - амер. жазуучу, ойчул, натуралист, коомдук ишмер.

Трансцендентализм өкүлү. «Уолден, же Токойдогу жашоо» (1854) деген филос. прозасы - адамдын табият менен эриш-аркак жашоосун «даярга тап» цивилизациядан инсанды сактоо жолу катары көрсөткөн романтикалык чыгарма. «Граждандык баш ийбөө» (1849) деген памфлетинде «катышпоо» жана «баш ийбөө» сыяктуу мамлекетке каршы принциптерди сунуш кылган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4