The Chainsmokers

Википедия дан

The Chainsmokers - Эндрү Таггарт жана Алекс Полл курамын түзгөн америкалык дижей/продюсердик дуэти. Электрондук бий поп-музыкалык дуэти 2014-жылы бир канча өлкөдө эң мыкты 20 синглдердин бири болгон "#Selfie" ыры аркылуу ийгиликке жеткен. Алардын Bouquet аталышындагы кичи-альбому 2015-жылдын октябрында чыгып, анын башкы "Roses" (кырг. "Роза гүлдөрү") сингли АКШнын Billboard Hot 100 чартында эң мыкты 10 синглдердин ичине кирген. "Don't Let Me Down" (кырг. "Мени коё бербе") ыры ошол эле чарттын эң мыкты 5 синглдердин ичине кирип "Грэмми" сыйлыгынын 59-аземинде "Эң мыкты бий музыкасы" номинациясын уткан, ошол эле учурда топтун ырларынын арасында эң биринчи болуп чырттын эң жогорку ордун алган "Closer" (кырг. "Жакыныраак") ыры болгон. The Chainsmokers тобу American Music Award жана беш iHeartRadio Music Awards сыйлыктарына ээ болгон. Дуэттин экинчи Collage кичи-альбому 2016-жылдын ноябрында жарыкка чыккан, кийин 2017-жылдын апрелинде Memories...Do Not Open аталышындагы биринчи студиялык альбому жарыкка чыгат. Do Not Open (кырг. "Эскерүүлөр...ачууга тыюу салынган") аталышындагы биринчи студиялык альбому жарыкка чыгат.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]