The Chemical Brothers
The Chemical Brothers – алгач 1989-жылы Манчестерде жаралган, Том Роулендс менен Эд Саймонс түзгөн англиялык электрондук дуэт. The Prodigy, Fatboy Slim, The Crystal Method жана ушулар сыяктуу топтор менен бирге алар биг-бит жанрын поп-музыканын алдынкы катарына койгон. Улуу Британиянын чарттарында алардын алты альбому биринчи орунду ээлеп 13 сингли 20 эң мыкты сингл тизмесине кирип анын ичинен экөө биринчи орунга жайгашкан.