The Cranberries

Википедия дан
The Cranberries 2010-ж. 13-марттагы Барселонада концертинде

The Cranberries – 1989-жылы Лимерикте түзүлгөн ирландиялык рок-топ. Топтун курамы: вокалда - Ниал Куин, кийинчерээк аны Долорес О’Риордан (Dolores O'Riordan) алмаштырган, Ноэл Хоган (гитара), Майк Хоган (бас-гитара) жана доолбаста Фергал Лоулер. Көпчүлүк топтун негизги музыкалык багытын алтернативдүү рок менен байланыштырса да, алар инди-поп, пост-панк, ирландиялык фолк жана поп-рок элементтерин дагы камтыйт.

Топтун 1990-жылы чыккан алгачкы Everybody Else Is Doing It, So Why Can't We? (кырг. Башкалар кылса, эмнеге биздин колдон келбесин?) альбому коммерциялык ийгиликке жетиши менен The Cranberries эл аралык атак-даңкка жеткен. The Cranberries 1990-жылдардын эң ийгиликтүү рок-тобу, алар дүйнө жүзү боюнча 40 миллион альбом сатышкан. Топтун төрт альбому (Everybody Else Is Doing It, So Why Can't We?; No Need to Argue (кырг. Тартышуунун кереги жок), To the Faithful Departed (кырг. Өлгөн такыбага) жана Bury the Hatchet (кырг. Кылычты кынга катуу)) Billboard 200 чартынын 20 эң мыкты альбомдордун тизмесине кирген. Ошондой эле алардын сегиз синглы ("Linger" (кырг. "Байланып калуу"), "Dreams" (кырг. "Кыялдар"), "Zombie" (кырг. "Зомби"), "Ode to My Family" (кырг. "Үй-бүлөмө арналган ода"), "Ridiculous Thoughts" (кырг. "Күлкүлүү ойлор"), "Salvation" (кырг. "Куткаруу"), "Free to Decide" (кырг. "Эркин түрдө чечим кабыл алуу") жана "Promises" (кырг. "Убадалар")) Modern Rock Tracks чартынын 20 эң мыкты синглдердин тизмесине кирген.

2009-жылдын башында the Cranberries алты жылдык тыныгуудан кийин кайрадан биригип түндүк Америка турун баштаган, кийин Латын Америка жана Европаны кыдырып шоу тартуулашкан. 2011-жылы алар Roses аталышындагы алтынчы альбомун жаздырышкан, ал 2012-жылдын 27-февралында жарыкка чыккан. 2017-жылдын 28-апрелинде алар ирландиялык камералык оркестри менен бирге мурунку ырларын камтыган Something Else (кырг. Дагы бир нерсе) альбомун чыгарган.

2018-жылдын 15-январында топтун аткаруучусу Dolores O'Riordan Лондондо жаздырууга келген учурунда күтүүсүздөн көз жумган.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]