The J. Geils Band
The J. Geils Band (англис тилинде айтылышы: /ˌdʒeɪ ˈɡaɪlz/) – 1968-жылы Вустерсте (Массачусетс) гитарчы Жон "Ж." Гейлз жетекчиси астында түзүлгөн америкалык рок-тобу. Топтун курамы: вокалист Питер Вольф, гитарчы Ричард Салвитц, доолбасчы Стивен Бладда, вокалист/пианист Сет Жастмен жана бас-гитарчы Дэнни Клейн. Вольф менен Жастмен топтун ырларынын башкы авторлору болгон. Топ 1970-жылдары ритм-энд-блюз жанрынан таасирленген блюз-рок багытында иштеген, кийинчирээк финансылык жактан ийгиликке жеткенден соң алар 1980-жылдары радиого ылайктуу ырларын чыгарып финансылык жактан чоң ийгиликке жетишкен. 1983-жылы Вольф жеке чыгармачылык ишин ээрчип топтон айрылганынан улам, топ, айрылуусунан мурун 1984-жылы Жастмен башкы вокалисти болуп дагы бир альбом жаздырышкан. 1999-жылдан баштап 2017-жылдын 11-апрелине чейин (топтун негиздөөчүсү Ж. Гейлзтин өлүм тарыхы), топ ичинде бир канча кайта бириктирүүлөр болгон.
1970-жылдардын башында топ "Эң мыкты 40 сингл" чартына кирген бир канча сингл жаздырган, алардын ичинде: The Valentinos тобунун "Lookin' for a Love" (кырг. "Сүйүү табууда") (1972-жылы Billboard Top 100 чартында 39-орунду ээлеген) жана "Give It to Me" (кырг. "Мага берип койсоң") сингли (1973-жылы чартта 30-орунду ээлеген). Топтун ири чыгармалары: "Must of Got Lost" (кырг. "Жоготуш керек") (1975-жылы Биллборд-100 чартында 12-орунду ээлеген), "Come Back" (кырг. "Кайтып кел") (1980-жылы 32-орунду ээлеген), "Love Stinks" (кырг. "Сүйүү жыты") (1980-жылы 38-орунду ээлеп бир канча тасманын коштоо ыры болгон), "Freeze-Frame" (кырг. "Стоп-кадр") (1981-жылы Биллборд-200 чартында 4-орунду ээлеген) жана "Centerfold" (кырг. "Жылтырак кагаздуу журнал") (1982-жылы АКШнын чыртында биринчи орунду ээлеген).