The Joshua Tree

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

The Joshua Tree (кырг. Жошуа дарагы) - ирландиялык U2 рок-тобунун бешинчи студиялык альбому. Даниэл Лануа жана Брайан Ино тарабынан продюсерленген. 1987-жылы 9-мартта Island Records лейблинде чыккан. U2 бул пластинканы жаздырууда эксперименталдык The Unforgettable Fire эмбиент жаңыруусунан айырмаланып, ырлардын салттуу мазмундарынын алкагында чечкиндүү рок-жаңырууга умтулушкан. Альбомдун музыкалык стили Америка жана Ирландиянын элдик музыкасынан таасирленген. The Joshua Tree лирикалык планда топтун Америка Кошмо Штаттарына мамилесин "сүйүү-жек көрүү" өңүтүнөн көрсөтөт, тексттер саясий кыйытмаларга жык толгон жана руханий образдар менен көркөмдөлгөн.

Америкада гастролдоодон, адабиятынан жана саясатынан эргүү алгандыктан U2 жаңы пластинкасынын темасы катары ушул өлкөнү тандаган. Үн жазма 1986-жылдын январында Ирландияда башталган жана эки профессионалдык студиядан тышкары үй шартында дагы жасалгандыктан тынч чыгармачыл чөйрө түзүүгө ыңгайлуу болгон. Сессия учурундагы айрым окуялар - топтун A Conspiracy of Hope кайрымдуулук турнесине катышуусу, Грек Кэроллдун (U2"нин гастролдук менеджери) дүйнөдөн кайтышы жана Бононун Борбордук Америкага саякаты - альбомго өзгөчө тон берүүгө жардам берген. Жаздыруу 1986-жылы ноябрда бүткөн. U2 иштин башынан аягына чейин "музыкада киноматографиялуулук" деп аталган ык-мамилеге умтулган: угарманда ырда баяндалган жерде болуу, мында Америкада болуу сезимин жаратууга аракет кылынган. Музыканттар бул идеяны альбомдун мукабасына Американын чөлдөрүнүн пейзажында түшүшкөн сүрөттөрүн коюп бекемдешкен. Чөлдүн образы адамдардын ички-дүйнөсүнө күйгүзүүчү таасир берген азыркы цивилизациянын метафорасы болгон.

The Joshua Tree сынчылардын мактоолоруна татыган; 20 өлкөнүн чарттарында алдыңкы болгон; нускалары рекорддук сандарда сатылган. Музыканттар альбомдун арты менен дүйнөлүк атак-даңкка жетишишкен - Time'дын мукабасына сүрөтү чыккан төртүнчү топ болушкан. Time аларды "сезондун мыктылары" деп атаган. Өз кезегинде, Rolling Stone'дун редакциясы The Joshua Tree топту "каармандардан супер жылдыздарга" айлантканын белгилеген. Альбом бир нече хит-сынглдарга түрткү болгон. Булар топтун жүзү болуп калган - "With or Without You", "I Still Haven't Found What I'm Looking For" жана "Where the Streets Have No Name". Альбом 1988-жылы "Жылдын альбому" жана "Дуэт же топ менен мыкты вокалдык рок-аткаруу" номинацияларында эки "Грэмми" сыйлыгына татыктуу деп табылган. 1987-жылы альбомду колдоо максатында ири турне уюштурулган.

The Joshua Tree дайыма роктун тарыхындагы эң маанилүү үн жазма катары кабыл алынат. Ошондой эле, дүйнөдөгү эң көп сатылуучу альбомдордун бири болуп саналат: 25 миллиондон ашык нуска. 2007-жылы түрдүү кошумчалары менен чогуу альбомдун юбилейлик чыгарылышы жарык көргөн. АКШнын Улуттук үн жазуу искусствосу жана илими академиясынын чечими менен The Joshua Tree альбому "Грэмми сыйлыгынын даңк залына" кошулган. Салтанаттуу азем 2014-жылы болуп өткөн. Ошол эле жылы, Америка Конгрессинин Китепканасынын архивине - XX кылымдын маанилүү делген музыканын чыгармаларынын тизмесине кирген.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]