The Police

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

The Police - 1977-жылы Англияда негизделген жаңы агымдагы топ болгон. Топтун негизги курамында Стиң (башкы вокалист, басс гитарист, башкы ыр жазуучу), Энди Саммерс (гитарист) жана Стүарт Коупленд (барабанчы, ургуч иструменттери) болгон. The Police 1970-1980-жылдары дүйнөлүк атактуулукка жеткен. Алар рок стилиндеги музыкаларды панк, регги жана жазз стилдерине таасирленүү менен аткарып, эл аралык ийгилик жараткан жаңы агымдагы топ болгон. Аларды ошондой эле АКШны басып алган "Экинчи Британиялык баскынчылар" деп эсептешет. Топ 1986-жылы таратылып, 2007-жылы башталып жана 2008-жылы, август айында аяктаган дүйнөлүк тур үчүн биригишкен.

Алардын 1978-жылкы "Outlandos d'Amour" дебюттук альбому Улуу британияда алтынчы катарга чейин көтөрүлгөн. Ал эми "Reggatta de Blancbecame" аттуу альбому Улуу Британияда беш жолу №1 альбомуна айланган альбомдордун биринчиси жана андагы "Бөтөлкөдөгү билдирүү" (англ. Message in a Bottle ) аттуу башкы ыр Улуу Британияда №1 аталган. Алардын кийинки "Зенятта Мондатта" (англ. Zenyatta Mondatta, 1980) жана "Машинадагы элес" (англ. Ghost in the Machine, 1981) аттуу альбомдору жакшы сын-пикирлерге ээ болуп ийгиликке жеткен. Алардын "Синхрондуулук" (англ. Synchronicity (1983) аттуу акыркы альбому Улуу Британия менен АКШда №1 ырга айлануу менен АКШда гана 8 миллион көчүрмөдө сатылган. "Сенин ар бир дем алганың" (англ. Every Breath You Take) ыры Улуу Британияда №1 ыр аталган бешинчи ыры жана АКШда биринчи ыры болгон. The Police 75 миллиондон ашуун ыр жыйнактарын сатып, дүйнөдөгү эң көп санда саткан артисттердин катарын толукташкан. Алар кайрадан бириккен соң, 2008-жылы дүйнөдөгү эң көп киреше тапкан музыканттардын бирине айланышкан.

Топ, алты "Грэмми" сыйлыгын, эки "Brit Awards" сыйлыгын "Эң мыкты британиялык группа" наамын бир жолу, "MTV Video Music Award" сыйлыктарын утуп, 2003-жылы "РокнРолл даңк залына" киргизилген Алардын беш альбомунун төртөө Rolling Stone тизмесинде "Дүйнөдөгү эң мыкты 500" альбомдун катарына кирген. The Police, Rolling Stone жана VH1 тизмесинде "Дүйнөдөгү эң мыкты 100 артист" тизмесине кирген.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]