The Weeknd
Эйбел Макконен Тесфайе (англ. Abel Makkonen Tesfaye, сахналык аты: The Weeknd, айтылышы: "the weekend") 1990-жылы 16-февралда туулган канадалык ырчы, ыр жазуучу жана музыкалык продюсер.
2010-жылдын аягында Тасфайе YouTube каналына анонимдүү түрдө бир канча ырын "The Weeknd" ысымы менен жүктөгөн. 2011-жылдын ичинде ал сын көз караш менен бааланган үч тогуз мүнөттүк микстейп чыгарган: House of Balloons (кырг. Аба шарларга толгон үй), Thursday (кырг. Бейшемби) жана Echoes of Silence (кырг. Жымжырттын жаңырыгы). 2012-жылы ал кайрадан жасалган микстейптерден жана үч кошумча ырдан турган отуз тректердин Trilogy (кырг. Үчилтик) аттуу жыйнак альбомун чыгарган. Альбомду Republic Records Тесфайенин XO фирма белгиси астында жаздырып чыгарган.
2013-жылы ал өзүнүн Kiss Land (кырг. Өбүү өлкөсү) алгачкы студиялык альбому чыгарган, ал "Kiss Land" (кырг. Өбүү өлкөсү) жана "Live For" (кырг. Бир нерсе үчүн жашоо) жардамчы синглдери менен коштолгон. Beauty Behind the Madness (кырг. Сулуулук жиндиликтин артында) аттуу экинчи альбому АКШнын Billboard 200 чартында биринчи орунду алган алгачкы альбому болуп саналат, анын ичинде үчүнчү орунду алган "Earned It" (кырг. "Иштеп табылган") жана биринчи орунду алган "The Hills" (кырг. Дөбөлөр) менен "Can't Feel My Face" (кырг. Жүзүмдү сезбейм) синглдери кирет. Бир убакыт ичинде бул ырлары Billboard Hot R&B ырлардын чартында биринчи үч орунду ээлеп туруп Тесфайени тарыхта ушундай жетишкендикке жеткен биринчи ырчы кылган. Тасфайе эки "Грэмми" жана тогуз Juno Awards сыйлыгына ээ болгон. 2016-жылдын сентябрында Starboy (кырг. Жылдыз бала) аттуу үчүнчү альбомунун чыгышы жарыяланып, кийин Billboard Hot 100 чартында биринчи орунга ээ болгон альбомдун "Starboy" (кырг. "Жылдыз бала") аталышындагы башкы сингли чыккан.