Tiësto

Википедия дан

Тижс Михиел Фервест (англ. Tijs Michiel Verwest; голландча айтылышы [ˈtɛi̯s miˈxil vərˈʋɛst]; 1969-жылы 17-январда туулган) - Tiësto аттуу сахна аты менен белгилүү (/tiˈɛstoʊ/ tee-ES-toh; голландча айтылышы: [ˈcɛstoː]) голландиялык DJ жана үн жаздыруучу продюсер. Ал MixMag журналы жүргүзгөн сурамжылоодо эң көп добушка ээ болуп "Дүйнөдөгү эң мыкты DJ" аталган. Ал эми 2013-жылы DJ журналы жүргүзгөн сурамжылоодо "Акыркы 20 жылдагы эң мыкты DJ" наамына ээ болгон. Ал ошондой эле көптөгөн булактар тарабынан "Электрондук бий музыканын түптөөчүсү" деп аталган.

1997-жылы ал Эрни Бинк менен биргеликте Black Hole Recordings үн жаздыруучу студияны негиздеп, бул жерде ал "Сыйкыр" (англ. Magik) жана "Күндүн чыгышын издей" (англ. In Search of Sunrise) аттуу CD чыгармаларын жазган. Tiësto 1998-жылы продюсер Деннис Ваакуп Рейжерсге жолугуп, андан бери экөө биргеликте кызматташып келишет.

1998-жылдан 2000-жылга чейин, ал Ферри Корстен менен Горилла деген ылакап ат менен иштешкен. 2000-жылы Сара Маклеклан менен биргеликте Делериумдун "Тынчтык" (англ. Silence) аттуу ырына ремикс жасоо менен угуучуларынын санын дагы жогорулаткан. 2001-жылы ал "Эсимде" (англ. In My Memory) аттуу алгачкы жеке альбомун чыгарган соң бир нече музыкасы хитке айланып, анын атактуулугу өскөн. DJ журналы жыл сайын жүргүзгөн Топ 100 DJ сурамжылоосу боюнча 2002-04-жылдары катары менен дүйнөдөгү номур биринчи DJ аталган.

Tiësto экинчи студиялык альбомун чыгарган соң, 2004-жылы Афинадагы жайкы Олимпиада оюндарында жандуу аткарган. Ал Олимпиада сахнасында жандуу музыка аткарган алгачкы DJ болгон. 2007-жылы, апрелде Голландиядагы 538 радиосунда "Tiëstoнун Клубунун жашоосу" аттуу радио шоу берүүдөн кийин, "Жашоонун элементтери" (англ. Elements of Life) үчүнчү студиялык альбомун чыгарган. Бул альбом Белгиядагы альбомдор тизмесинде биринчи орунду ээлеп, ошондой эле АКШдагы "Биллборд Топ Электрондук музыка альбомдор" категорияснда биринчиликке жетип, 2008-жылы "Грэмми" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Tiësto 2009-жылы, октябрда "Калейдоскоп" (англ. Kaleidoscope) аттуу төртүнчү студиялык альбомун жана 2014-жылы "Бейиш деп аталган шаар" (англ. A Town Called Paradise) альбомун чыгарган. Ал "Грэмми" сыйлыгынын "Эң мыкты ремикстелген жаздыруу" наамын жана 57-Грэмми сыйлыктарын тапшыруу аземинде Жон Леженддин "Менин жан дүйнөмдүн баары" (англ. All Of Me) ырынын ремикси үчүн "Классикалык эмес ремикс" наамын жеңип алган.

Өмүр таржымалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]