Тоо аралык ойдуң

Википедия дан
Too аралык ойдуң‎»‎ барагынан багытталды)

Тоо аралык ойдуң - туш тарабынан дээрлик бийик тоолор менен курчалган тектон. депрессия.

Узундугу ондогон, кээде жүздөгөн, жазылыгы ондогон кмге жетет. Негизинен тектон. төмөн ийилүүдөн пайда болот. Түзөң жерлердин кеңири аймакты ээлеши, көбүнчө жетишээрлик ным менен камсыз болушу, күрдүү топурагы айрым тоо аралык ойдуңдарда (айрыкча кургакчыл аймактарда) эзелтен эле дыйканчылыктын өнүгүшүнө, аны менен кошо цивилизация очокторунун пайда болушуна шарт түзгөн, мис., Фергана ойдуңу.

Кыргызстандагы тоо аралык ойдуңдарга - Ферганадан сырткары, Ысык-Көл, Талас, Кетмен-Төбө, Суусамыр ж. б. ойдуңдар кирет. Аталган объектилерди кыргыздар өрөөндөр деп да аташат; чаткал, чуңкурчак, чуңкурдук деген да маанилери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4